Бүгүн, 9-октябрда Бишкекте Өкмөт үйүнүн жанында экс-депутат Садыр Жапаровду колдоо митинги өтүп жатат.
Ал арада Эски аянттын жанында эки киши башаламандыкка карабай намаз окуп жатышты.
Алар атайын килемдин ордуна чөптөрдүн үстүнө курткаларды төшөп, намаз окуй башташты.
Эске салсак, Ала-Тоо аянтында экс-депутат Садыр Жапаровдун, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жана экс-премьер-министр Өмүрбек Бабановдун тарапкерлеринин кагылышы болгон.
Садыр Жапаровдун тарапкерлери Алмазбек Атамбаевдин жана Өмүрбек Бабановдун тарапкерлери менен болгон кагылышуудан кийин Бишкектин Эски аянтына кайтып келишти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ