Menu

Ооганстанда жолугушуу маалындагы жардыруудан дипломаттар жаракат алды

Бөлүшүү:

Ооганстан бийлиги маалымдагандай, өлкөнүн түштүгүндөгү Кандагар провинциясында 10-январь кечке жуук болгон жардыруудан беш киши мерт кетип, 14 адам жарадар болду. Жарадарлардын арасында аймактын губернатору жана Бириккен Араб Эмирлигинин элчиси да бар.

Жергиликтүү бийликтин маалымат катчысы Сами Хпалвактын айтышынча, жардыруу губернатор Гамаюн Азизи Бириккен Араб Эмирлигинин элчиси менен жолугушуп жаткан маалда, борбордогу конок үйлөрдүн биринде болгон. Бул маалыматты Бириккен Араб Эмирлигинин Тышкы иштер министрлиги да ырастады.

Бириккен Араб Эмирлигинин аскерлери 2001-жылы талиптердин режими кулагандан кийин Ооганстанга киргизилген. Азырынча кол салуу үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө ала элек. Мындан бир нече саат мурда Кабулдагы парламент имаратынын жанында эки жардыруу болгон. Анда ондогон адамдар каза болуп, жаркаттарды алышкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 − = 24

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: