КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 28-сентябрдагы өзүнүн отурумунда, Ош облусунун Ош аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизди. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.
1. Маматалиев Нурбакыт Мухтаровичти (“Кыргызстан” саясий партиясынан) комиссиянын курамынан чыгаруу;
2. Сатыбалдиева Аида Амангелдиевна жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан комиссиянын курамына резервден киргизүү.
Чечим Ош аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү Н.М. Маматалиевдин арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18, 19-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы № 375 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык кабыл алынды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ