Жогорку Кеңеште Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин төрагасын шайлоо жөнүндө маселе каралып, депутаттардын 72 добушу менен тармактык комитеттин төрайымдыгына КСДП парламенттик фракциясынын өкүлү Кодуранова Асел Союзбековна шайланды. Ал эми анын атаандашы – “Өнүгүү – Прогресс» фракциясынын өкүлү Тынчтык Шайназаров 46 добушка ээ болду.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ