Menu

Исфанада медреседе окуган студент кыздар аялдардын укуктары боюнча маселелерди окушууда

Бөлүшүү:

2016-жылдын 14-сентябрында Лейлек районунун Исфана шаарындагы Абдулла ибн Аббас атындагы Ислам Институтунда окуган 20 студент кыз “Аялдардын укуктары” темасындагы тренингге катышты. Катышкан кыздар эркектер менен аялдардын ортосундагы бирдей укуктарды камсыз кылуу, жубайды тандоого укук, медреседе окуган студент кыздардын демилге көтөрүүлөрүн жогорулатуу сыяктуукоомдогу позитивдүү социалдык өзгөрүүлөрдү түзүүгө тиешелүү маселелерди карап чыгышты. Медреседе окуган кыздар ошондой эле укук маселелери, коомдун медреседе окуп жаткан кыздарга бирдей жана урмат-сый менен мамиле кылуусу менен таанышып чыгышты.

Окутуу “Медреседе окуган студент кыздар – позитивдүү социалдык өзгөрүүлөрдүн демилгечилери” долбоорунун алкагында Баткен облусунун казыяты менен бирдикте “Стимул” маалыматтык кеңеш берүүчү жана демонстрациялык борбору” коомдук фонду тарабынан өткөрүлүүдө. Бул долбоор медреседе окуган студент кыздардын макулдук боюнча никеге турууга өздөрүнүн укуктары, тиешелүү түрдөгү формалдуу билим алуунун маанилүүлүгү жөнүндө маалымдуулугун жогорулатууга багытталган. Андан тышкары, долбоор медреседеги угуучу кыздар үчүн лидерлик сапаттарга, чечендик өнөрдүккө,ошондой эле ишке тең укуктуу жалдоо принциптерине арналган тренингдерди өткөрөт.

Долбоор Биргелешип башкаруу программасынын (ББП) алкагында ишке ашырылууда, ал Кыргыз Республикасында өкмөттүн, жарандык коомдун жана менчик сектордун өнөктөштүгүн чыңдоого багытталган. Программа АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (USAID) жана Улуу Британиянын Эл аралык өнүгүү министрлиги (DFID) тарабынан каржыланган жана Ист-Вест Менеджмент Институту (EWMI) тарабынан ишке ашырылууда.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 − = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: