Menu

Апрель окуяларынын 10 жылдыгына карата эң мыкты видеороликке конкурс жарыяланды

Бөлүшүү:

Анын сыйлык фонду – 120 миң сом. Бул тууралуу маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маданият министрлиги тарабынан конкурсту кыргыз элинин тарыхындагы эркиндик, демократия жана адилеттүүлүк үчүн болгон күрөшүндө курман болгондолрдун элесин, жана ал күндөрдүн маанилүү экендигин келечек муундарга калтыруу максатында жарыялаган.

Конкурска Кыргызстандын каалаган жараны катыша алат. Роликтер эки категорияда кыскаметраждуу болууга тийиш: 60 секундга чейин же үч мүнөткө чейин.

“Конкурстун бир эле катышуучусу бир нече видеоролик жөнөтө алат, бирок бири-бирине окшош болбошу керек. Мазмуну өлкө мыйзамдарына каршы келбөөгө тийиү. Мурда жарыяланган роликтер дагы катыша алат”, -деп айтылат маалыматта.

Сыйлык фонду 120 миң сом:

1-орун (эки сыйлык) 30 миң сомдон;

2-орун (эки сыйлык) 20 миң сомдон;

3-орун (эки сыйлык) 10 миң сомдон.

Роликтер 8-январдан 10-мартка чейин кабыл алынат.

Конкурс жөнүндө толук маалыматты министрликтин соцтармактагы баракчаларынан ала аласыздар.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: