Menu

Саясий партиялар коррупциянын булагы!

Бөлүшүү:

Кыргыз эли эгемендиктин ээси болуудан жана өз бийлигинен өчүп бараткан жалын сымал биротоло ажыроо алдында турат.

Конституция мыйзамына ылайык элдин колундагы бийлик шайлоо аркылуу мамлекеттик бийликтин өкүлү – Жогорку Кеңештин депуттарына жана президентке өтөт.

Шайлоодон кийинки бийликтин ээси болгон элдин абалына, өкүл болгон ЖК депутаттарына жана президенттин абалына сарасеп салсак:

– бийликтин ээси болгон элдин жашоосу ит турмуш болууда, жумушсуздуктун айынан мигрант болуп чет өлкөгө сапар тартышууда, мезгилсиз дуйнөдөн кайткандардын саны өсүүдө;

– ЖК депутаттары жана президенттер миллионер же милларддерлерге айланып, иттери күмүш аяктан тамак ичишүүдө. Бул жагдай кыргыз мамлекетинде эң жогорку мыйзам – Конституцияны сактайм деп “ант” берген бийлик адамдары тарабынан болгонун айгинелейт.

Шайлоого Кыргыз Республикасынын шайлоого катышууга укуктуу жарандарынын 51% катышпаса да, “шайлоо мыйзам чегинде өттү”- деп Борбордук шайлоо комиссиясынын жарыялашын чоң кылмыш деп эсептейбиз.

Чындыгында шайлоонун жыйынтыгын көз карандысыз комиссия жарыяласа, демократиянын талаптарына туура келмек. Кыргыз мамлекетинде шайлоого “биометрикалык” маалыматы жок деген шылтоо менен жарандарды шайлоого катыштырбай, жарандардын укуктарынын бузулушу мамлекеттин беделине доо кетириши мүмкүн.

Конституцияда Кыргыз мамлекети “укуктук” мамлекет деп жазылганына байланыштуу жарандык укуктардын бузулушун эң оор кылмыш деп тапкан сот да жок, кунөөлүүлөрдү жазалоого жетиштүү мыйзам да иштебейт.Ошондуктан Конституцияда жазылган “укуктук” деген сөздү алып салуу керек же бийлик “укуктук” деген сөздүн маңызына ылайык иш жүргүзүүсү зарыл.

Кыргыз эли 24 жылдан бери жакшы үмүт менен мамлекеттик бийликке өкүлдүккө ЖК депутаттарын жана президентти шайлап келишет, бирок элдин үмүтү акталган жок.

Келечекке жакшы жашоону үмүт менен караган жана суверендуу, көз карандысыз болгон кыргыз мамлекетинин жакшылыгын көрбөй канчалаган чоң аталар-апалар, замандаштар, санаалаштар, туугандар о дүйнө салышты.

Президент болгон А.Акаев мезгилинде Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине пенсиянын эсебинен чириген макарон, кебек ун берилип, айласыздан жешкен. Мындан тышкары, А.Акаев үчүнчү жолку президенттик шайлоого мыйзамсыз барган.

Президент болгон К.Бакиев мезгилинде электр энергиясы башка жакка жең учунан сатылып, энергиянын коммерциялык жоготуусу 50% чапчып, өлкөдө электр энергиясы убактысы менен өчүрүлүп, жан кашайып, эл тезек теришкен.

Президент болгон А.Атамбаев тушунда келишимдер атайы мыйзамсыз түзүлүп, мамлекетте чоң көлөмдөгү акча каражаттарынын уурдалышына шарт түзүлүп, кыргыз эли чоң карызга батты же 2010-ж. карыз 2,6 миллиард доллардан 2017-жылы 4,5 миллиард долларга өстү, анын ичинен Кытайга карыз 47% түзүүдө.

Олуя Калыгул атабыз азыркы кыргыз мамлекетинде тексиз адамдардын – А.Акаев, К.Бакиев, А.Атамбаевке окшогондордун жана саясий партия аркылуу ЖК депутаттарынын (базарчы, тегирменчи, далдалчы, куйту) бийликке келишин жана кыргыз мамлекетинин экономикалык оор абалын көрөгөчтүк менен мындан 200 жыл мурун айтканы бар. Аны менен бирдикте олуя Калыгул атабыз элди этият болуу менен сактанууга үндөгөн. Олуя Калыгул атабыздын айткандарынан үзүндү:

Кылтылдап кирер койнуңа

Кылтагын илер мойнуңа

Кызыкпа журтум кызыкпа

Кытайдын кытмыр ойнуна.

Кашыкка сүзгөн кант берер

Кантына кошуп дарт берер

Капарсыз жүргөн күнүңдө,

Карт кытай бир күн мант берер.

Кылычың ташка чабылаар

Кытайлар каптап жабылаар…

Эгерде азыркы күндө “Кумтөр” алтын кенинин акциясын Кытай тарап сатып алса, кыргыз элинин шору жана мамлекет бүтүндүгүнө доо кетти десек жаңылышпайбыз. Бул жагдайда 1994-2017-ж. аралыгындагы президенттерди жана ЖК депутаттарын сот жообуна тартсак да кеч болуп калат.

Эл тарабынан шайланган бийлик өкүлүнүн эрки азыр жетсе – кытай тараптын биздин чиновниктер менен тил бириктирип кылмыш жасашканын, мыйзамсыз келишимдерди түзүшкөнүн жана өз ара мыйзамсыз акча бөлүштүрүшкөнүн далилдеп, убактынча кытай тарап менен иш жүргүзүүнү токтотушу керек.

Ал эми президент С.Жээнбеков учурунда күнөөлүүлөр тарабынан 2010-2017-жылдар аралыгында уурдалган чоң көлөмдөгү акча каражатынын өндүрүлбөй жатышы көйгөй жаратууда. Анткени, “карыз төлөнбөсө, кыргыз жери карыз эсебинен кытай мамлекетине өтүшү мүмкүн”- деген суук сөздөр эл ичинде байма-бай айтылууда.

Конституциядагы Президенттин ыйгарым укугу алкагында 64-бер. 11-п. кайрадан карап чыгылса же алынып салынышы элдин кызыкчылыгы үчүн максатка ылайыктуу болчудай.

Кыргыз элинде: “ишенген кожоң сууга акса, алдын ала тал карма”,- деп кыргыздар үчүн гана айтылгандай. Анткени, бир убакта ишенген кожобуз-президент болушкан А.Акаев, К.Бакиев, А.Атамбаев сууга акты.

Конституция боюнча президенттин жосундук иштерине “импичмент” жарыялоо менен көзөмөлдөө укугун Кыргыз Эли Жогорку Кеңештин депутаттарына берген эле. Анда неге 1993-2017-жылдарда же 24 жыл аралыгында ЖК депутаттары бул ишти аткарышкан жок?

Оо, кайран кыргыз эл! Уккула, билип алгыла! Конституциянын 2-бер. 1-п.: “Кыргызстандын эли эгемендиктин ээси жана Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик бийликтин бирден-бир булагы болуп саналат”,- деп жазылган. Иш жүзүндө Кыргыз Республикасында кош бийлик бар жана өкүм сүрүүдө: биринчиси саясий партиялар, экинчиси -кыргыз эли.

Анткени ЖК депутаттары: эл аралык келишимдерди ратификациялоодо, премьер-министрди, сотторду бекитүүдө, министрлерге, прокурорго дайындоодо макулдук берүүдө, президентке импичмент жарылоодо бийликтин булагы болгон элдин кызыкчылыгы эч качан эске алынбай, тескерисинче саясий партиялардын кызыкчылыгын эске алуу менен иш тутушканы чындык. ЖК депутаттары: президент А.Атамбаевдин ООНдо, араб мамлекеттеринде сүйлөгөн сөздөрүн уккан эмес. Ошондой эле программасы жок өкмөттун курамын бекитүү менен эч качан жумуштан бошоп, кетип бара жаткан премьер-министрден бюджеттин (элдин) акча каражатынын мыйзамдуу пайдалангандыгы боюнча отчеттун угушпаган. Натыйжада, премьер-министр алмашса да, саясий партиялардын ишенимдүү адамдары – өкмөт мүчөлөрү алмашпай келет. Баягында кылмыш дүйнөсүнүн төбөлү Батукаевди качыруу операциясында ЖК депутаттары токтом кабыл алып, премьер-министрге  өкмөттүн 28 мүчөсүнүн жоопкерчилигин кароону тапшырган, бирок өкмөттүн бир мөчүсү да жоопкерчиликке тарталбаган. Бул факт да бийликте эл эмес, бийлик партиялары тургандыгынын ачык айкын далили болот.

Чындыгында Кыргыз эли эгемендиктин ээси, бийликтин бирден-бир булагы болгондо:

– “Кумтөр” маселесинде;

– ТЭЦтеги кытай бизнесмендери менен болгон келишимде, элдин карызга батышына:

-Тарых Музейиндеги уурулук жана көзбоемочулукта;

– Кытайлардын жол куруусуна жана  жол курулушундагы уурулукка;

– “Датка-Кемин” чубалгысындагы акча каражатынын артыкча сарпталышына;

– Элдин тезек тергени, маал-маалы менен электр энергиясынын өчүрүлүшү, электр энергиясы -коммерциялык жоготуусу 50% болгону, мындай иштер эч качан көз көрүнөө жасалбайт эле.

ЖК депутаттары элдин пешене тери топтолгон акча каражатына – бюджетке кайдгер  мамиле жасаганынан эле билсе болот. Жөнөкөй жол курулушунда “тендер* дегенди жоготуп, республикалык масштабдагы мамлекеттик жол курулуш ишканаларын эбак эле тузүшмөк. Жол куруу үчүн “тендер” өткөзгөнгө да өзүнчө министрлик аппараты керекпи деген суроо туулат. Ал учурда курулуш жаатында кесип алып жаткан жаштарды алдабай эле Техникалык университетти жаап коюш керек.

Кыргыз эл бийлигин саясий партиялар эбак эле тартып алышканы чындык. Саясий партиялар алдоо жолу менен шайлоо учурунда элди сатып алуу механизмдерин колдонууда. Мына ушул саясий партиялар айдыңында Жогорку Кеңеште эл билбеген, эл тааныбаган адамдар депутат болуп келишти.

Өз кезегинде мыйзамсыз бийликтин ээси болгон саясий партиянын Жогорку Кеңештеги депутаттары:

а) Жогорку Кеңештин жыйын залында депутаттар өзүнүн партиясынын туусун маңдайына коюп отурушуна Конституция жол береби? Кыргыз Республикасынын туусу элге ыйык туу болуп, депутаттарга жайылбайбы? Депутаттар саясий партиянын туусу астында элдин атынан сөз сүйлөгөнүн кантип түшүнсө болот?

б) Кыргыз мамлекетинин гербин жана саясий партиялардын эмблемасын-гербин кандай түшүнсө болот?

в) Мурдатан ЖК депутаттары “баланча округдан” деп сөз сүйлөшкөн, азыр “баланча партиядан” деп сөз сүйлөшөт, ал учурда элдин атынан ким сүйлөйт? Жыйында партия лидери сөз сүйлөгөндө ага артыкча укук-привилегия берилишин кандай түшүнсө болот?

г) ЖК депутаттарынын айлык маянасынын өлчөмүн өздөру чечишкени жана телефон чыгымы ж.б. кандай? Башкалар – мамлекеттик кызматкерлер 1 ай отпускада өргүүдө болушса эл өкүлдөрү 2 ай өргүүдө болушат, аларга ким уруксат берди, же кайсы мыйзам?

Оо, кайран кыргыз эл!

Эл бийликтин ээси эмес экенин жана укугу жоктугун Жогорку Кеңештин депутаттары билгендиктен, 15-20 санда депутаттар катышып мыйзам кабыл алышууда. Жогорку Кеңештин жыйынына катышпаган калган 100 чамасындагы депутаттар өз бизнесин жүргүзүү менен элдик казынадан маяна алышууда. Бул фактыны көрбөгөндүн көзүнө, укпагандын кулагына жара чыксын!

Жогорку Кеңеш депутаттары элди эбак эле унуткан. Анткени Жогорку Кеңештин значогунда, күбөлүгүндө-удостоверениесинде “Жогорку Кеңеш” деген эле жазуу бар, ал эми “Эл депутаты” деген жазуу да, сөз да жок. Ушундай эле көрүнүш шаардык, айылдык Кеңештин депутаттарында орун алууда.

Эмне үчүн шайлоо бюллетенинде саясий партиялардын аттарынын тизмеси жазылып, эл партиялык тизме менен добуш беришүүдө? Бул көрүнүш менен саясий партиялар элди-шайлоочуларды алдаган. Өлкөдө алдамчылык үчүн жөнөкөй жаран гана сот жообуна тартылууда. Саясий партиялардын тизмесин шайлоо бюллетенине киргизген Борбордук шайлоо комиссиясынын кызматкерлерин сот жообуна тартуу керек. Шайлоо учурунда элдин бюллетенде жазылган саясий партиялардын аттарына добуш бериши КР Конституциясына карама-каршы келет.

Мына эми угарман, окурман эл эгемендиктин ээсинен жана өз бийлигинен ажыраганына ынансаңар керек! Кыргыз элин эгемендиктин ээсинен жана өз бийлигинен саясий партиялар ажыратып, өздөрүнө ыйгарып алганы чындык.

Табиятта кыргыз эли ишенчээк келет. Ишенич акталбаса кыргыз бир тууганын да аябаганы айтылып келет. Кыргыз мамлекетинде 2 жолу төңкөруш болуп, кан төгүлүп, адам өмүрү кыйылды, бирок өзгөрүү болгон жок. Себеби өлкөдө кош бийлик бар экени бардыгыбызга белгилүү. Бул көрүнүш улана берсе, акырында Кыргыз Эли өз бийлигинен да, өз байлыгынан да ажырашы мүмкүн. Ошол себептен “мамлекеттик бийлик өкүлү жөнүндөгү” маселе кыргыз мамлекетинин мындан аркы көз карандысыздыгынын тагдырын чечет. Кыргыз эли чечкиндүү болуп, Курултай аркылуу мамлекеттеги бийлик өкүл ордун так чечмейинче, баа берилмейинче башка маселелер орчундуу болсо да эч качан элдин кызыкчылыгы үчүн чечилбешине ынанышыбыз керек.

Урматтуу президент С.Ш.Жээнбековко кайрылып: “Антикоррупция кызматын” жоюп, алардын укугун жер-жерлердеги элдин өзүнө берүү менен “коррупцияга” каршы күрөшүү ишин жүргүзүү сунушу берилген эле. Тилекке каршы, “сунуш” президент тарабынан колдоо тапкан жок. Себеби коррупцияга каршы курөш укугу элге берилип, мыйзамдаштырылса, канчалаган саясий партиялардын мүчөлөрү сот жообуна тартылышы анык эле. Ошондуктан бийликтеги саясий партиялар элдин өзүнүн коррупцияга каршы күрөш жүргүзүү укугуна жол бербей келет. Бул маселе да курултайда каралса, элдин байлыгынын талап-тонолушуна жол берилбей, кыргыз элинин жашоосу оңолот деген ой-пикир бар.

Автор: Айтбай Абдыкалыков

Булак: Майдан.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: