Menu

Сабыр Муканбетов, “Кабыландын” серепчиси: “Чынында “Теке” болбосо, “Кабылан” мындай даражага жетмек эмес”

Бөлүшүү:

Ар дайым Акүйдө, же жалпы коомчулукта өнүгүп аткан ар кандай саясый кубулуштарга “Карышкыр” каймана аты бар саясый серепчибиз өз баасын бергенден тажабайт. Бу саам да ички интригаларга, күтүүсүз көрүнүштөргө жеке оюн билдирди.

 – Сабыр мырза, жайкы эс алуу маалында башталган Башмыйзамды өзгөртүү боюнча референдум өткөрүү маселеси коом ичинде кызуу талаш-тартыштарды жаратып келип, депутаттардын иши башталышы менен Жогорку Кеңештин ичине кирип, фракциялар арасында карама-каршылыктар күч алууда. КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов “Ата Мекен” фракциясына коалициядан чыгып кетүүнү сунуштаса, Өмүрбек Текебаев “чыкпайбыз” дейт. Бул парламенттик кризис кандай жол менен чечилиши мүмкүн?

– Башкаруучу коалициянын курамындагы фракциялар арасында карама-каршылыктар буга чейин деле болуп келген. Бирок азыркыдай келишкис жагдай туулбай, компромисске келе алышчу. Бу сапар эми Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Текебаев артка кайткыс тирешти башташты окшойт. Экөөнүн кимиси чегинсе, саясый жактан катуу жабыркайт, өчөт да. Айтканын аткара албай калса, Атамбаевди ким угат? “Эртең кетчү неме, иши бүтүптүр” дешип, баягы алсыраган арыстандын мурдуна чыгып бийлеген чычкандын жоругун кайталачулар, табалачулар четтен чыгат да. Текебаев артка чегинсе, анын да саясатчы катары күнү бүтөт. Ал дагы артка чегине албайт. Анткени, анын президентикке ат салушууга акыркы шансы. Жеңилсе жеңилет, бирок кайра тартпайт. Ошон үчүн ал “жазганды көрдүм” деп ва-банк кетип жатат. Бул идеялардын, партиялардын кармашы эмес, личносттордун тиреши, президенттик такты үчүн эле күрөш болуп калды окшойт. “Мен президент болом” дечүлөр эртең жамырап чыкканда, кимиси ким экенин билбей элдин башы маң болорун билген Өмүрбек Текебаев арканды алыс ыргытып, эртелеп электораттын көңүлүн буруп, рейтинги кескин көтөрүлүп жатат.

– Башкаруучу коалициядан чыгуу сунушу кандай чечилет? “Ата Мекен” фракциясы башкаруучу коалициядан кетиши керекпи? КСДП “талак” бергенден кийин кетпегенге деле болбойт дегендер да бар болууда…

– Бул маселе боюнча “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев “Де-факто коалиция жок, де-юре гана бар” деп өтө таамай айтты. Эми КСДП прайддагы үстөмдүк кылуучу күч катары “Ата Мекенди” жерип, “кет” деди. Негизи үч жолу “талак” бергенде нике жоюлат. Бул эми “Кабылан” (Алмазбек Атамбаев) менен макулдашылган вариант болсо керек. Бирок КСДП бир эмес, үч талак берсе деле “атамекенчилердин” кете койоюн деген түрү жок. “Текенин” (Өмүрбек Текебаев) “кетпейм” дегени “кетпей кегимди алам, ажырашуу процессин көркүнө чыгарам, болгон мүмкүнчүлүктү силерге каршы колдонуп, абийириңерди айрандай төгүп туруп кетем, юридикалык жактан расмий ажырашып, мүлк, бала-бакыра бөлүшүп бүткөнчө колдон келишинче упай топтойм, силерге каршы кол топтойм” деп гана түшүнүү керек. Ошондуктан, булардын ажырашуусу жылма бүтпөй ызы-чуу менен коштолоору талашсыз десек жаңылышпайбыз.

– Жогорку Кеңештеги башка фракциялардын көз карашына кандай баа берээр элеңиз? “Республика – Ата Журт” фракциясынын лидери дагы “принцибиңер болсо, “кет” дегенден кийин кетип калбайсыңарбы” дегенсип, “атамекенчилерди” жөөлөп алды. Серепчилер, “эптеп коалицияны бузуп, жаңы башкаруучу бирикмеге кирүүнү көздөп жатат” дешип, Өмүрбек Бабановду күнөөлөп ийишти? Коалициядагы, оппозициядагы фракциялар, алардын курамы, лидерлери тууралуу кандай ойдосуз?

– ЖКдагы фракция лидерлеринин, депутаттарынын баарынын эле кулагы көтөрүлүп, элеңдеп, көпчүлүгү эмне кыларын билбей, эки анжы болуп турган чагы. Анткени, фракциялар ичинде ынтымак, биримдик, ишеним жок. Көпчүлүк депутаттар жашыруун келишим менен президенттин аппаратына кызмат өтөөгө ант беришип, партияларын эбак сатып кетишкен. Ошондуктан, “келгиле, КСДПны оппозицияга калтырып, калгандарыбыз биригип, бийликти колго алалы” деген Өмүрбек Текебаевдин чакырыгы жоопсуз калууда. Өмүрбек Бабановдун “атамекенчилерге” карата айткан чакырыгын Атамбаевдин колтугуна кирүү аракети гана катары караган туура эмес. “Бара көрөбүз” деген тобокелчиликти да  эске албай коюуга болбойт. Анткени кыргыздарды акчага сатып алса болорун иш жүзүндө өздөштүргөн Өмүрбек Бабанов дагы бу сапар аламанга аттанып, президенттик такты үчүн өз багын сынап көрүүгө даяр экени жалпыга маалым. Андыктан, азыркы коалиция урап, жаңы коалиция куруу аракети башталса, Өмүрбек Бабанов баштагыдай эле “президент үчүн туруп берем” деген декламациясын кайталаласачы, ишеним жок да. Жеткиликтүү кол куралаарына көзү жетсе, апчеси аркылуу жаңы курамдан өз ордун кыйналбай табарына күмөнү жок. Жаштар арасынан баш көтөрө баштаган Бакыт Төрөбаев да амбициясын көрсөтө баштады, башка жаш фракция лидерлерине караганда “Өнүгүү-Прогрессте” биримдик да бар сыяктуу. Азыркы бийликке каршы оппозициялык маанайда биригип, жаңы башкаруучу коалицияны түзүп, КСДПны бийликтен сүрүп, оппозицияда калтырып, “Кабыландын” мураскерлерин “с носом” калтыруу мүмкүнчүлүгүн ишке ашырууда “Республика – Ата Журтту” күнөөлөгөнчө “Кыргызстан” менен “Бир Бол” фракцияларынын ыргылжың позициясына көңүл бөлгөн оң. Канатбек Исаев менен Алтынбек Сулаймановдун өздөрүнүн жүнү тирик болгону менен фракцияларына толук кандуу ээ боло албай, депутаттары “жетинчи фракцияны” (“Шумахерди”) сагалап калганы алардын мүмкүнчүлүгүн кескин кыскартып жатканы жалпыга маалым болуп калды. Андыктан, бу эки жаш лидер кандай тыйтактаса да жарашпай, кыймыл аракети жеңил баалуу болуп жаткандай.

– Өмүрбек Текебаевдин жай айларынан берки Алмазбек Атамбаевге болгон таарынычында кандай негиз бар? Президент эмнеге ордун Текебаевге ыраа көргөн жок?

– Өмүрбек Текебаев өзүнүн акыркы эки айдагы тынымсыз билдирүүлөрүндө маселенин төркүнүн жакшы эле түшүндүргөнгө аракет кылды. Менимче, көпчүлүк деле аны жакшы эле түшүндү. Анын “президент болом” деген көксөөсү, анан Атамбаевге болгон таарынычы көкүтүп, туталантып, куйкалап бара жаткандай. Кеп чынында “Текенин” кыялы чукул “Кабыланга” таарынганга толук негизи бар. “Кабылан” бутуна тура албай жүдөп жатканда, арка-бел болуп, ушу даражага жеткизгени чындык. Анан бутуна тургандан кийин “менин жардамым менен эс-учун жыйып алып, ордун мага калтыргандын ордуна мени кошо итерем” дегенине ичи тарып, катуу нааразы болуп, мурунку анашын кечире албай, оозунан ак ит кирип, кара ит чыгып, болгон ичкүптүсүн элге жайып салгандай…

Маектешкен Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 28 = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: