Menu

Видео – Марс Сариев, саясат талдоочу: “Кытай бийлиги СДПКга 1 млн сом жардам берүү менен кыргыз бийлигинин көңүлүн алып жатат, бирок бул аябай чоң чатак иш”

Бөлүшүү:

Кытай бийлиги тарабынан КСДП партиясына 1 миллион сом өлчөмүндө жардам берилиши коомчулукту дүрбөлөңгө салууда. Анткени мыйзам боюнча саясый партиялар чет өлкөдөн жардам алууга тыюу салынган. Алтургай чет өлкөдөн жардам алган коомдук уюмдарды чет өлкөлүк агент кылабыз деп бийлик өзү ооз көптүрө сүйлөп келген. “Адалсынган молдонун үйүнөн алты камандын башы чыгыптыр” дегендей эми бийликтеги партия КСДПнын өзүнүн ичинен ушундай оркойгон мыйзам бузуу аныкталып, социалдык тармактарда “КСДП – чет элик агент!” деген атка конуп жатат.

Ал эми саясат талдоочу Марс Сариев Next TV телеканалына берген интервьюсунда “Бул маалыматты СДПК партиясынын мүчөсү Рыскелди Момбеков таратып жатпайбы. Демек СДПКнын ичинде да топтордун өз ара күрөшү жүрүп жатат. Кытай бийлиги СДПКга 1 миллион сом жардам берүү менен кыргыз бийлигинин көңүлүн алып жатат. Кытай тараптын ушундай стратегиясы бар. Мындай белек берүү менен кытай тарап кайсы бир маселелерди чечүү жеңил болот деп эсептешет. Албетте бул чоң акча эмес, бирок чоң чатак иш…” деп билдирген.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 + = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: