Өзгөн райондук соту жашы жете элек кызын турмушка бергендиги үчүн жубайларды бир жылга пробациялык көзөмөлгө алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2019-жылдын 23-октябрында Өзгөн РИИБдин тергөөчүсү рапорт менен кайрылып, анда аял жолдошу менен жашы жете элек кызын турмушка бергендиги айтылган. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 178-беренеси (“Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу”) менен катталган.
2020-жылдын 10-январында жубайлар, кыздын күйөөсү жана башкалар ушул берене боюнча күнөөлүү деп аталып, үч жылга эркинен ажыратылышкан. Бирок сот аларды бир жылдык пробациялык көзөмөлгө алуу чечимин чыгарып, бошоткон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ