Menu

Мурдагы советтик сателлиттерде жетекчилер алмаша баштады

Бөлүшүү:

 

“Өзбекстан жаңы президенттин ысымын атады, бейшемби күнү постсоветтик Борбор Азиядагы акыркы бир топ жылдагы ири кайра куруулардын жүрүшүндө Казакстан менен Арменияда премьерлер алмашты”  деп билдирет “Financial Times”. “Бул жумада бир катар окуялардын түрмөгүнө күбө болдук, ал регионалдык саясат кыйла өзгөрө баштаганын туюндурат” деп эсептейт Лука Анчески (Глазго университети).

Жетекчиликтин алмашуусу региондо акыркы жылдагы эң жаман экономикалык төмөндөөнүн фонунда ишке ашты. ВМФ бул жылы региондогу өсүү 1,2 пайызга төмөндөөсүн күтүүдө, Россиядагы баалардын төмөндөөсүнүн натыйжасында өсүү 2000-2014-жылдардын аралыгында орточо 8,3 пайызды түзгөн болчу” деп айтылат “Financial Times” гезитине жарыяланган макалада.

“Ушул жылдын декабрында Өзбекстанда өтчү шайлоонун алдында Шавкат Мирзияевдин президенттин милдетин аткаруучу болуп дайындалышы ал өлкөнүн элитасы тарабынан маркум президент Ислам Каримовдун мураскери катары шайланганынан дарек берип турушу мүмкүн“ деп белгилейт макаланын автору Джек Фарчи.

“Казакстан өкмөтүндөгү кайра куруулар Борбор Азиядагы экономикасы эң ири, нефтинин көп бөлүгүн өндүргөн өлкө да бийликти өткөрүп берүүгө камданып жаткан мезгилге туш келди” деп жазат басылма. 76 жаштагы Нурсултан Назарбаев мураскери боюнча пландарын ачыкка чыгара элек, бирок аналитиктер өлкөнүн элиталары бул кызмат үчүн маневрлерди башташканын айтышууда.

“GPW консалтинг” компаниясындагы регион боюнча эксперт Ливия Паджи премьер-министр Карим Масимовдун кызматтан алынышынан эң башкысы президенттин кызы, премьер-министрдин орун басары Дарига Назарбаева утушка ээ болорун белгилейт. “Масимовдун кызматтан алынышы Дарига дале болсо оюнда экенин, ал потенциалдуу мураскер болуп саналарын билдирет” дейт Ливия Паджи.

“Кандай болгон күндө да Өзбекстанда бийлик алмашуу тынч өттү. Элитанын ичиндеги мындай ымала Казакстандын бийлик башындагылардан да кимдир  бирөөлөргө жагып калды болуш керек” дейт Глазго университетинен эксперт Анчески Джек Фарчи. |

“Financial Times”

Булак: “Азия Ньюс”

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 11 = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: