Борбор калаада жалгыз көзгө басар атайын деп аталган ооруканабыз бар. Жалпылап эле «спецбольница» деп атап келебиз. Ушул оорукананын директору бар Марат Сагымбаев деген. Бул кызматка кадимки «курчечен» Адахан Мадумаров жетелеп келген. Кийин Турусбек Коеналиевдин колтугуна кирип алып, кошоматтыктын аркасы менен креслосун сактап келди. Кошоматчылыкты жогорку деңгээлде өздөштүргөн окшобойбу, бүгүнкү күнгө чейин бир орунда былк этпей иш алып барууда. Мейли иштесин, иштегенине ич күйдүлүгүбүз жок. Бирок, маселе анын кандай иштеп жатканында болуп жатат. Айтсак, аталган ооруканага Марат Акимовичтин келгенине бир канча жыл болсо да ал жерден кыпындай жылышты көрө алган жокпуз. Андай эмес десе айтсын! Угалы. Былтыр эки адамга операция жасап, операциясы ийгиликсиз болуп, анын арты өлүм менен аяктаганын эмнеге жашырып келет? Жапжаңы тез жардам унааларынан 3 даананы мамлекеттин эсебинен алдырып алып, аны эмнеге иштетпей катып койгон? Оорукананын ичинде бюрократияны жогорку деңгээлде орнотконун мойнуна алабы? Бул оорукананы саламаттыкты сактоо министрлигинин базасына өткөрүп берүүгө Сагымбаев эмнеге каршы? Же бул жер Сагымбаевге атасынан мураска калды беле? Сыртта башканы, ичте башканы сүйлөгөн эки жүздүүлүгүн качан токтотот? Айтор, суроолор көп, жообу жок.
Булак: Де-Факто
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ