Кладбище в северной части на окраине Ашхабада, Июль, 2020
Түркмөн активистери Түркмөнстандагы COVID-19 курмандыктары жөнүндөгү маалыматтар камтылган вебсайт түзүштү.
Алар порталга коронавирустан өлгөн кишилердин саны, аты-жөнү, жаш курагы, дареги камтылган бейрасмий статистиканы жарыялоодо.
Бу сайтта ушул тапта COVID-19дан кайтыш болгон 18 кишинин аты-жөнү белгиленген.
COVID19TM вебсайтынын авторлорунун айтымында, Түркмөнстанда расмий турдө вирустан өлгөндөр жөнүндө маалымат жок болгондуктан, дал ушул порталды түзүү зарылдыгы келип чыккан. Сайт элге көбүрөөк маалымат жеткирүүгө багытталган.
Сайттын түзүүчүлөрү түркмөнстандыктарды COVID-19 инфекциясынан өлгөндөр тууралуу маалыматтары бөлүшүүгө чакырууда. Бул үчүн порталда «Маалымат жөнөтүү» көзөнөгү бар.
RFE/RL радиосунун түркмөн кызматынын кабарчылары ушул тапта Түркмөнстандагы дээрлик ар бир үй-бүлөдө COVID-19 вирусуна чалдыккан же өлгөн кишилер бар экенин билдиришүүдө.
Өлкөдө вирус бар экенин тастыктай элек түркмөн бийлиги бул сайтта жарыяланган маалыматтар боюнча комментарий бере элек.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ