Menu

Исаков ишти дурус эле баштады, бирок…

Бөлүшүү:

Премьер-министр болуп олтурган “саркашка” Сапар Исаков кабинетте олтуруп албай, күтүүсүз текшерүүгө чыгып, ишин дурус эле баштагандай болуп жатат. Кабинеттен чыга албай, олтурганды жакшы көргөн карт Өкмөт башчыларга караганда эл аралап иштеген жетекчи дурус эмеспи. Бул жагынан Сапарга сөз тийиши мүмкүн эмес. Бирок, Кремлге жасаган иш сапарынан кийин көп нерсенин башын кылайтканы көпчүлүккө жакпай турат. Сирияга келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан жоокерлер барышы мүмкүн деген сөзү Исаковго муш болчудай болуп турат. Эгер Сирияга кыргыз жоокерлери бара турган болсо, жоопкерчилик менен күнөөнүн баары саркашкага илингени туру. Түштүккө орустардын дагы бир аскер базасын ачуу керек деген пикири да көп чырдын башына айланышы турган иш. Аскер базасы менен ойной коём деген Бакиевдин шору кайнабады беле. Орунга дурустап олтуруп алгыча Сапар да аскердик база тууралуу оозанбай турса жакшы болмок.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: