Бишкекте, 16-17-сентябрда КМШ өлкөлөрүнүн кезектеги саммити болуп өттү. 2016-жылы Кыргызстандын КМШдагы төрагалыгы аяктап бараткандыктан кийинки 2017-жылга КМШнын төрагалыгына Россияны көрсөтүү сунушу менен Алмаз Атамбаев катышуучуларга кайрылды.
– Украина Россиянын КМШга төрагалык кылуусуна эки себептен улам каршы чыгат, – деп билдирди саммитке Украинанын атынан расмий катышып олтурган Украинанын Кыргызстандагы элчиси Николай Дорошенко, – Биринчиден, Россия Эл аралык укукту бузуп, Украинанын жери болгон Крымды мыйзамсыз басып алган. Экинчиден, Россия кийинки жылы өткөрө турган эл каттоо кампаниясында басып алган чыгыш Украинанын калкын кошо эсептесе биз аны тааныбайбыз. Ошондуктан биз КМШга төрагалык кылуу Россияга өтүшүнө каршыбыз, – деди Николай Дорошенко.
– Биз Крымды басып алган эмеспиз. Крым эли Россияга өз каалоосу менен кошулду. Бул эл аралык укукка жана БУУнун уставына каршы келбейт. Крымды андай абалга жеткирген Украинанын ичиндеги айрым саясый күчтөр болду. Алар 2014-жылы жазында саясый абалды курчутуп олтуруп, мамлекеттик төңкөрүшкө чейин жеткиришти. Андан сырткары Украина КМШга кошулганы жана келишимдерге кол койгону менен ал документтерди Украина парламенти ратфикация кылган эмес. Ошондуктан силер КМШга төрагалык кылуу Россияга өтүшүнө каршылык кыла албайсыңар.., – деди Владимир Путин.
https://www.youtube.com/watch?v=jp0l-VtYE3M
Булак: Кyrgyztoday.kg
Видео: Russian Channel
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ