Беларусь ЖМКлары акыркы кездерде президент Александр Лукашенконун уулу Николай көрүнбөй кеткенин жазып атышкан. Бирок Николай жакында эле эл алдында кайра пайда болду. “Кээ бир россиялык ЖМКлар, таң калыштуусу бийликке жан тарткан басылмалар “президенттин жанында Николай көрүнбөйт го” деп Коля үчүн тынчсыздана башташты. Азыр анын бою 172 сантиметр болуп калган. Мен аны мурдагыдай колунан жетелеп жүрө албайм да, ал бой жеткен чоң жигит болду”.
Лукашенконун айтымында, уулу мектепте окуу менен алек. Анын мамлекет башчысы болоюн деген ою жок. “Коляга карап, “чоңойгондо эмне иш кылгың келет?” деп сурасам, “сенин ишиңен башкасын” деп жооп берди” дейт.
(Интернет булактардан)
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ