Menu

Декрет деген эмне?

Бөлүшүү:

Энциклопедиялык сөздүккө кайрылсак, ДЕКРЕТ (фр.decret, лат. Decretum постановление, решение) – 1) постановление верховной власти по какому-либо вопросу, имеющее силу закона, например, в первые годы Советской власти – название наиболее важных постановлений правительства, например, Декрет о Земле, отменивший в 1917 г. право частной собственности на землю, 2) в странах капитала – правительственный акт, издаваемый в порядке исполнения, управления, в противоположность актам законодательным. Кыргызча айтканда, 1) өкмөттүн өзгөчө маанилүү токтомдорунун аты, мисалы, алгачкы Совет өкмөтүнүн Жер жөнүндөгү Декрети (1917-ж.), менчик укуктан ажыратуу жөнүндө; 2) капиталисттик өлкөлөрдө – мыйзам ченемдүү актыга каршы, аткаруу же башкаруу иретинде өкмөт тарабынан чыгарылган акт.

Демек, азыркы убактагы бийлик менен оппозициянын ортосундагы талаш-тартыш жараткан Конституциянын ишке кириши жана анын 2020-жылга чейин өзгөртүлбөсү жөнүндөгү Убактылуу өкмөттүн Декрети мыйзамсыз акт экени чындык турбайбы!..

Дедушка Крылов айткандай: “За что же, не боясь греха, Кукушка хвалит Петуха? А за то, что хвалит он Кукушку” дегендей, эмне эле Роза айым “Текебаевдин Конституциясын” 2020-жылга чейин кол тийбестик кылып узартып койду десе, убагында Текебаев мырза Роза айымдын аты-жөнүн айтпай туруп эле шайлоо бюллетенине киргизип, президенттикке өткөзүп ийген турбайбы. Ап-баракелде, мындай декрет – декрет эмес эле дүйнө жүзүн таң калтырган “керемет указ” болгон экен да! Пай-пай-пай, кандай кыраакылык, кандай кылдаттык!

Эми түшүнүктүү, эмне эле экөөнүн чый-пыйы чыгып, бири үңүлдөп, бири күпүлдөп, сырт жактан кыйыр салып карап турган шефтеринин астында актануу иретинде, мурда-кийин бракка чыгып калган ой-санаалаш кесиптештерин, талап-тоноого катышкан “однополчандарын”, адамды айбанчылыкка жетелеген Батыш цивилизациясынын баалуулуктарын тутунган гомосексуалист, гейлердин коштоосунда бийликке гана эмес, жалпы кыргыз журтчулугуна каршы ач айкырык, куу сүрөөндөрдү уюштуруп жатышканы.

Белгилүү инсаныбыз айткандай, “кылмыш жазаланмайын, коом тазаланбайт” эмеспи. Анын сыңарындай, кыргыз коомчулугунда тынччылык, ынтымак-ырашкерлик орнош үчүн эки жүздүү кыянатчылыктан, аша чапкан текеберчиликтен эртерээк арылуу – азыркы учурдун эң бир маанилүү зарылчылыгы болуп турат. Бул – убакыттын жана элдин талабы эмей эмне?

Карыбай ТУРУСБЕКОВ

Булак: “Азия Ньюс”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 − 51 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: