– Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Текебаевдин тирешүүсүнүн аягы эмне менен бүтөт?
– Менимче бул демократиянын туу чокусу болуп эсептелет. Атамбаев менен Текебаев саясатчылар. Саясатта мындай ызы-чуулар керек болсо күн сайын кайталана берет. Экөө тең демократияны тандаган саясатчы болгондуктан бул көрүнүшкө эч ким таң калбашы зарыл. Биз эмне, баарын жабык кылып, эч кимди сүйлөтпөй Өзбекстан же Түркмөнстан бололубу? Жок, биз дал ушундай демократия үчүн күрөшүп келгенбиз, мындан кийин да ушундай эле болот. Болгону бийликтин ачык эмне кылып мамлекетти туңгуюкка түртүп баратканын фракция лидерлери айта алышпайт. Себеби алар элден мурун өз кызыкчылыктарын көбүрөөк коргошот. Бүгүнкү Текебаевдин Атамбаевдин үйү боюнча айтып жатканын эч ким деле жаңылык катары кабыл албайт. Бул чындык. Ушундай чындыктар айтылып жатып чыныгы демократияны курабыз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ