Азыр саясий топтордун ирилешип жатканы байкалууда. Бүгүнкү системага каршы чыга ала тургандар бир түндүктүн астына чогулушуп жатканы да кабарланууда. Адахан Мадумаров, Замира Сыдыкова, Равшан Жээнбековдор саясаттын казанында кайнап бышкан, артында электораты барлар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, “кругу” барган сайын чоңоюп баратканы бийлик үчүн көп маселени жаратчудай. Ал топко Камчыбек Ташиевдин да кошулушу мүмкүн экени айтылды. Камчыке андай топко өзү бармак беле, артындагы жоокерлерин бүтүндөй баштап барат да. Убактылуучулар Эмилбек Каптагаев, Кеңешбек Дүйшөбаевдер да жөн жатпай, өздөрүнүн тобун түзгөнү жатканы маалым болууда. Саясий топтор өздөрү каалагандай топторду түзүп алса, азыркы кармаш кеч күзгө чейин күркүрөп, көп нерселер айтылып, нары же бир жыгылышка чейин жете турган өңдөнүп калды.
Булак: “Жаңы Ордо”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ