Menu

Атамбаев Нью-Йоркто БУУнун жыйынына катышат

Бөлүшүү:

Президент Алмазбек Атамбаев БУУнун Башкы ассамблеясынын 71-жыйынына катышуу үчүн бүгүн АКШга барат.

Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмүнөн билдиришти. Маалыматка караганда, мамлекет башчы жыйында сөз сүйлөй турганы күтүлүүдө.

Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 71-сессиясы 13-сентябрда расмий ачылган. Күн тартибине ылайык, жарыш сөздөр 20-сентябрда башталат. 26-сентябрда аяктай турган жыйында туруктуу өнүгүү жолдору жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү маселелери талкууланууда.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 38 = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: