21-25-сентябрь күндөрү Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов башында турган өзбек делегациясы БУУнун Башкы ассамблеясынын 71-жыйынындагы саясий талкууларга катышат.
Делегация Нью-Йоркто Ислам кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин координациялык жолугушуусунда баяндама жасап, бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. Бул тууралуу Өзбекстан ТИМинин басма сөз кызматы билдирди.
Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 71-сессиясы 13-сентябрда Нью-Йоркто расмий ачылган. Ассамблеянын төрагасы бул жыйын уюмду БУУ долбоорунун 2030-жылга чейинки туруктуу өнүгүүсүнүн 17 максатын ишке ашырууга жакындатышы керектигин белгиледи. Жыл сайын болчу жалпы жарыш сөздөр 20-сентябрда башталып, 26-сентябрга чейин уланат.
Башкы ассамблея – БУУнун негизги кеңешүүчү органы. Анын курамына уюмга мүчө бардык өлкөлөрдүн өкүлдөрү кирет, алардын ар бири бирден добушка ээ. Тынчтык жана коопсуздук же жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу өңдүү маанилүү маселелер боюнча чечим кабыл алууга добуштардын үчтөн экиси талап кылынат. Башка маселелер боюнча чечимдер жөнөкөй көпчүлүк менен эле кабыл алынат.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ