Menu

“Автомаш-Радиатор” компаниясынын бир участогунда 8 кызматкерден коронавирус табылып, участок карантинге жабылды

Бөлүшүү:

Борбордун башкы дарыгери Кубан Кундашев “Автомаш-Радиатор” компаниясынын бир участогун карантинге жапты. Карантин режими 2 жумага созулат, ал эми калган кызматкерлер массалык түрдө тест тапшырып жатышат. Бул туралуу бүгүн, 28-майда Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымы боюнча, 28-майга карата, M4 жана M9 радиаторлорун өндүрүү участогунда коронавирусту жуктуруп алган 8 кызматкер табылды. Учурда эпидемиологиялык иликтөө жүрүп жатат. 38 кызматкер 14 күндүк үй карантинине жиберилди.

Шаймандарды сатуу үчүн көргөзмө залы өзүнчө иштейт, бардык керектүү санитардык зоналар бөлүнгөн, кардарлардын келүүсү санитардык аралык менен чектелет. Компаниянын кызматкерлери дезинфекциялоочу туннелден өтүшөт, санитайзерлер орнотулуп, бет кап тагынуу  эрежеси сакталат, тобокел тобундагы айрым кызматкерлер (60 жаштан ашкан адамдар) аралыктан иштешет.

Белгилей кетсек, “Автомаш-Радиатор” компаниясы ЕАЭБ өлкөлөрүнө жеткирилүүчү айыл чарба техникалары үчүн компоненттерди өндүрүү менен алектенген машина куруу жаатындагы эң ири компаниялардын бири.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 87 = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: