Menu

Ким Чен Намдын өлүмү Малайзия менен Түндүк Кореяны жаңжалга түртүүдө

Бөлүшүү:

Куала-Лумпурда Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын агасы Ким Чен Нам өлтүрүлгөндөн кийин Малайзия менен Түндүк Кореянын ортосунда дипломатиялык жаңжал тутанууда.

20-февралда Малайзия Пхеньяндагы элчисин чакыртып алды. Ошондой эле Малайзияны тергөө жүргүзүүдө сырткы күчтөр менен байланышкан деп айыптаган билдирүүлөрүнө байланыштуу Түндүк Кореянын Куала-Лумпурдагы элчиси ТИМге чакыртылды.

Андан сырткары Малайзия Ким Чен Намга кол салынган учур тартылган Куала-Лумпур аэропортундагы көзөмөл камераларындагы маалыматтарды жарыялады. Болжолдуу версия боюнча, эки аял Ким Чен Намдын бетине уу сүртүп кетип, андан бир нече саат өткөндөн кийин ал каза болгон. Бул иштин алкагында полиция төрт кишини кармады, учурда калган шектүүлөрдү издөө иштери уланууда.

Түштүк Корея менен АКШнын өкүлдөрү Ким Чен Нам Түндүк Кореянын атайын кызматтары тарабынан өлтүрүлгөн деп болжолдоп жатышат. Малайзия союу керектигин билдирип, Ким Чен Намдын сөөгүн берүүдөн баш тартууда. Анын жыйынтыктары 22-февралда жарыяланары күтүлүүдө. Малайзия ТИМи Ким Чен Намдын сөөгү жакын туугандарынын бирине бериле турганын билдирди.

Окуя тууралуу Түндүк Корея ММКлары кабарлаган эмес. Ким Чен Нам Түндүк Кореянын мурдагы лидери Ким Чен Ирдин улуу баласы болгон жана көп жылдар бою Макаодо куугунтукта жүргөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы“

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 82 = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: