– Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Текебаевдин тирешүүсүнүн аягы эмне менен бүтөт?
– Текебаев менен Атамбаевдин мамилесин Зарылбек Рысалиев жакшы сүрөттөп берген экен “Атамбаев менен Текбаевдин мимилеси байланып турган эки кавказ овчарка иттерди элестеттирет. Бири-бирин жеп, жутуп жоготчудай болуп долулуктарын көрсөтүшөт да, чынжырларынан бошотуп койсо, эч нерсе болбогонсуп, жытташышып, достошуп алышат” деп. Демек, ушул айтылгандарга “Текебаев менен Атамбаев бири бирине “үрүп” чыгышканы менен, кайра эле, кавказ овчаркалардай болуп, бири биринин көчүктөрүн жыттап, достошуп, оюн салышат деп кошуп кетет элем. Экөө тең соттолгусу келбейт. 2010-жылы жасаган иштери боюнча бири соттолсо, экинчиси азаттыкта калат деп айтуу кыйын. Ошону үчүн бири-бирине үрүп-үрүп, кайра жытташып достошот. Саясат деген балээ да, баардыгын күтүүгө болот. Баягы: “Муну менен бир гектар жерге чоң пейшеп кылганы да олтурбайм”, — дегендер деле кол кармашып, убактылуу биригүү деп жатышпайбы. Бу экөө деле “убактылуу” биригет. Бирок, азыр эмес. Бири патриот болуп чыга калыш керек, бири күнөөкөр болуп, бири- биринен кечирим сурап коюшат да, аман-эсен элдин канын дагы эле соргонго аракет кылышат.
Баян Кулова
Булак: Жаңы Ордо
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ