“Бишкектин Скрябин көчөсүндөгү Максим Бакиевдин 3 миллион долларга бааланган жер участогун камоодо турганына карабай, прокуратура эскертүү бергенине карабай Мамкаттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашев өзүнүн буйругу менен башка кишилерге каттатып, берип жиберген. Эми кантип ушул кишиге шайлоо тизмелерин түзүүнү ишенип беребиз? Кантип ушул киши шайлоону таза өткөрөт деп ишенебиз? Мындай мыйзамсыздыктарды билип туруп премьер-министр эмне үчүн Тайырбек Сарпашевди кызматтан албайт?”, – деп билдирди кечээ, 3-февралда “Республика-Атажурт” фракциясынын отурумунда анын лидери Өмүрбек Бабанов.
Булак: Кyrgyztoday.org
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ