2017-жылдын 3-февралына карата Чүй облусунун Сокулук районунда орун алган «Боинг-747» авиакырсыгынан жабыркаган 8 үй-бүлөгө Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагынан убактылуу жашоо үчүн турак-жай берилген. Бул тууралу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.
Белгилей кетчү нерсе, «Семетей» мейманканасында калган үч үй-бүлө жакынкы арада турак-жайларга көчүрүлөт.
Жабыркагандар көчүрүлгөн бардык квартираларда жашоого керектүү бардык шарттар каралган (эмерек, турмуш тиричидик техникасы, жылытуу тутуму).
Натыйжада, мамлекет тараптан 11 үй-бүлө убактылуу турак-жай менен камсыздалган. Ошондой эле учурда «Семетей» мейманканасында жашап жаткан, үйү авиакырсыктын натыйжасында жарым-жартылай жабыркаган бир үй-бүлөнүн турак-жайын калыбына келтирүү иштери жүргүзүүлүүдө.
Жалпысынан «Семетей» мейманканасында 49 адамдан турган 12 үй-бүлө жашап жаткан, анын 30у – чоңдор жана 19у – жаш балдар.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ