“Акыркы күндөрдө мага бир нече булактардан “Эдил, сен жакында камаласын! Алмаз Атамбаев сени эптеп бир себеп таап, узак мөөнөткө каматам” деп жатыптыр” деп айта башташты. Алтургай менин жакын туугандарыма да “жакынкы күндө камоолор башталат, эң биринчи болуп Эдил Байсаловду камашат экен” деп айтып келе башташты”, – деп билдирди бүгүн, 19-сентябрда маалымат жыйын өткөргөн саясатчы Эдил Байсалов.
“Булар мени кыргыз элине саткын кылып көрсөткөнү жатышат. Атамбаев бийликти түбөлүккө басып алып, узурпациялап алуу планы менен иштеп жатат. Түркмөнстандын президенти менен жөн жерден дос болгон жок. Жакында камоолор башталат, балким бүгүн, түштөн кийин мени камашат! Бирок Атамбаев жалаң эле Убактылуу өкмөт мүчөлөрүн гана эмес баардык өз үнү, өз позициясы бар, ага каршы сүйлөгөндөрдүн баарын камайт, коркутат, качырат. Атамбаев жасаган иштердин баары ийгиликсиз, натыйжасыз болуп келаткандыктан эми бет тырмалык кылып жатат. Атамбаев жасаган мыйзамсыздыктарды Акаев менен Бакиев да жасаган эмес!”, – деди Байсалов.
Булак: Кyrgyztoday.kg
Видео: azattyk
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ