Эч бир ың-жыңы билинбей Жалал-Абад облусунун губернатордук кызматын аркалаган Жумагүл Эгембердиева өзүн-өзү башкаруу жана этникалык мамилелер агенттигине директор болуп келгенине бир жуманын тегереги болду. Учурда губернатордун орду бош. Бул кызматка барчулар өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун эшигин жыртып жаткан кез. Бизге жеткен маалыматка караганда, губернаторлук кызматка Айыл чарба тармагын тейлеп жаткан министр Турдиназир Бекбоев барып калышы мүмкүн болуп турат. Эгер саясий кырдаал кескин өзгөрүп “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы оппозицияга кетип эле колдо турган токочун тарттырып жиберишпесе…
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ