Бишкек шаарынын мэриясы 9 миллион сомго ар бири 111 миң сом турган 81 кондиционер сатып алат. Бул тууралуу мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары Койчугул Ибраимов билдирди. Анын айтымында, мэриянын имаратына жаңы 81 кондиционер орнотулуп, эски 81 кондиционер алынып салынат. Кондиционерлерди сатып алууга шаардык бюджеттен 9 миллион сом бөлүнгөн. Тендер 6-июнда өтөт. Өкүнүчтүүсү Бишкек шаарындагы кондиционер саткан дүкөндөрдө кышы-жайы иштей турган эң эле кымбат кондиционер 77 миң сом тураарын эске алсак, биздин жетекчилер жегенден башканы билбей калганбы деп, жийиркенгенден башка аргаң калбайт.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ