Menu

HRW: Тажикстанда ЕККУ жыйынында нааразылыгын билдиргендердин туугандары камалды

Бөлүшүү:

Эл аралык Human Rights Watch уюмунун Борбордук Азия боюнча изилдөөчүсү Стив Свердловдун билдиришинче, Тажикстанда Варшавадагы ЕККУ жыйынында «үнсүз нааразылык акциясын» өткөргөн Ислам кайра жаралуу партиясынын мүчөлөрүнүн 50гө жакын тууганы камакка алынды.

Ал 19-сентябрда Тажикстандагы адам укуктарынын абалы талкууланып жаткан ЕККУнун жыйындар залына оппозициялык топ кирип барганын айтты.

«Ал тынчтык митингдин катышуучуларынын туугандарынын камакка алынышы тууралуу маалыматты ЕККУнун жыйыны аяктагандан кийин жакшылап карайбыз. Азыр маалымат такталып жатат, бирок ырастала турган болсо ал адам укуктарын одоно бузуу болот. Жыйында Тажикстан делегациясы адам укуктарынын принциптери боюнча ЕККУ алдындагы милдеттенмелери тууралуу баяндама жасаган», – деди Стив Свердлов.

Варшавадагы жыйынга Тажикстан өкмөтү менен жарандык коом өкүлдөрү катышкан. Жыйындар залына ЕККУ имаратынын алдындагы нааразылык акциясына катышкан 20га чукул адам кирип барган. Алар Бузургмехр Ёров өңдүү камалгандар менен Ислам кайра жаралуу партиясынын башчыларынын сүрөттөрү түшүрүлгөн футболкаларды кийишкен.

Свердлов окуядан кийин камактагылардын айрым туугандары ал сыяктуу акцияларга катышпоо тууралуу атайын кызмат өкүлдөрүнөн эскертүү алышканын айтты. Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетиндеги булак ал камакка алуулар аймактарда болгонун жана «комитетке түздөн-түз тиешеси жок экенин» билдирди.

Источник: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 73 − 70 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: