Бүгүн, 11-июнда Жогорку Кеңештин жыйыны өтүп жатат. Анда депутат Дастан Бекешев медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамы келе жатканын белгилеп, аларга акчалай сыйлык бериш керек экенин билдирди.
“5-июль күнү медицина кызматкерлеринин күнү белгиленет. Өзгөчө быйыл медицина кызматкерлер өтө көп жумуштарды аткарды. Алар коронавирус инфекциясы менен күн-түн дебей, үй-бүлө менен жолукпай, күрөшүп жатышат. Ошондуктан бир сураныч бар. Дарыгерлерге, медициналык кызматкерлерге ардак грамота жана акчалай сыйлыктарды берсеңиздер жакшы болмок. Бул өтө актуалдуу маселелердин бири. Бул менин сунушум”, – деп бирдирди депутат.
Эскерте кетсек, кечээ, 10-июнда дагы депутат Бекешев медкызматкерлердин айлыгын көтөрүү боюнча маселени көтөргөн. Анын айтымында, медкызматкерлер бүгүнкү күндө 3900 сом айлык маяна алышат. Бул айлык маяна эч нерсеге жетпестигин билдирип, аны көтөрүү керек экенин сунуштаган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ