«Газпром» Түркмөнстандан 2018-жылдын аягына чейин газ сатып албайт, ошол эле маалда «Түркмөнгаз» менен Стокгольм арбитражындагы соттук териштирүүлөрдү убактылуу токтотот. Бул тууралуу орусиялык компаниянын төрага орун басары Александр Медведев билдирди.
«Мүмкүн болчу кызматташууларды анализдеп чыгуу үчүн эки жыл алдык. Дайыма жолугушуп талкуулап турабыз», — деди ал. Топ-менеджердин айтымында, алар «азыр арбитраждык сотсуз эле мамилелердин комплекстүү өнүгүүсүн тынч карап чыгуу тууралуу макулдашууга келишти».
2009-жылдан бери Түркмөнстандан жылына 10-11 миллиард куб газ сатып алып келген орусиялык «Газпром» компаниясы 2015-жылдын ортосунда «Түркмөнгазга» каршы Стокгольмго арыз жазып, жыл башында келишимди толугу менен жокко чыгарган. Орусия компаниясы мындай кадамга европалык базарда газ баасынын кескин төмөндөгөнүнө карабастан Түркмөнстан бааны арзандатуудан баш тарткандан соң барган. Ага чейин «Газпром» түркмөн газын Европага сатуу менен чыгымга учурап келген. «Интерфакстын маалыматы боюнча «Газпром» арбитраждын алкагында газ үчүн төлөнгөн $5 миллиард талап кылган.
«Газпромдун» сүйлөшүү каалоосу убакытты созуп, Түркмөнстандын газды Каспий жана Азербайжан аркылуу жеткирүү планынан алаксытуу аракети болушу мүмкүн, деп эсептейт эксперт Мария Белова.
Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ