Menu

Надира Нарматова, экс-депутат: “Парламент жооперчиликти мойнуна алыш керек”

Бөлүшүү:

КР ЖКнын экс-депутаты Надира Нарматова өзүнүн фейсбуктагы баракчасына Кыргызстанда бүгүн түзүлгөн саясый кырдаал тууралу ой жүгүрткөн пост жазыптыр:

“Президент болгону менен канткенде да ал киши да, адам да, ооруп калса да жөн койбосок.

Түрдүү сүрөтүн коюп алып, ар кандай туура эмес комментарийлерди жазышканын окуп көңүл чыдабады досторум.

Бул жакта менин эски коллегам, юридикалык билимди чогуу алган группалашым Өмүрбек Чиркешовичти кечээ, Кой-Таштыктардын жеке тосуп алып, ажылдап жаткандарына, өзү жалгыз күйүп-бышып түшүндүрө албай таланып жатканын көрүп, чын эле кайда баратабыз -деп, жакамды кармап тообо келтирдим достор.

ЖКда түзүлгөн мародерлор боюнча түзүлгөн комиссиянын мүчөсү, бюджет жана финансы комитетининде түзүлгөн АУБ менен кутучалар (ячейка) боюнча комиссиянын төрайымы, аял, эне катары, болуп жаткан коомдогу өйдө- төмөн пикир келишпестиктерди көрүп, окуп, саресеп салып турган бүгүнкү күндөгү саясатчы, коомдук ишмер катары калыс сөзүмдү, оюмду билдиргим келди. Пропозициясына да, оппозициясына кошулганды жактыра бербеген, өз позициям менен, эл тарабында жүргөн саясатчымын. Саясый оюнчу болуп, интригалардын арасында жүргөндү көп жактыра бербеймин. Ошондой болсо да “баш кесмек бар, тил кесмек жок”-деген накыл сөздү пир тутуп калыстык оюмду билдирүүнү туура таптым, достор. Мени туура түшүнүүгө аракет кылгыла.

Ысык жанбыз, эч ким өзүнө-өзү кепилдик бере албайт, бир сааттан кийин эмне болушубузду бир жараткан Алла билбесе, койнуңда жаткан жолдошуң да билбейт.

Бардык нерсе Жараткан Алланын буйругуна боло тургандыгын кам сүт эмген ар бир пенде жакшы билебиз.

Түшүнүп туруп, түркөйлүккө салып, текеберлене берген деле жакшы эмес.

Аллахым буйруп насип кылып, ырыскысын кошуп турган үчүн, Эл башы, Журт башы, Элдин атасы, Мамлекет башчысы, Президент болуп, эл шайлайп, элдин кепилдиги, керек болсо Конституциянын кепилдиги жүктөлөт. Буйурбаса, чуркасаң да болбойсун.

Президент сыяктуу, депутаттар да Алланын буйругу менен эптеп-септеп, аттап- буттап, алкынып-жулкунуп, айла кеткенде акчага сатып алып, алдап-солдоп, өлүп да кетсин деп, тапкан-тутканын чачып, таратып, жалган-жашыкты айтып, куру-пуру убаданы берип, коркутуп-соркутуп, колдобосоң өлөсүң, жашашыңды ойло деп опузалап, кайда болбосо кызматта кетесиң, пенсияңды бербей, пособияңды албайсың, көчөгө бастырбайм, көчүрүп жиберем, туугандыктан кечем, кызыңды үйүңө айдап жиберем, ак кылам, көк кылам, кечип кетем, болбосо колуңа өлүп берем , сени жыргатам, жаныма алып жүрөм, жарыкчылыкта жүрөсүң, бошотуп алам, куткарып алам, мени колдобосоң акмагыңды чыгарам, колдосоң жыргатам, -деп “Эшеги ылайдан өткөнчө” арам алыштан тапкан акчасын айоосуз чачып, жетим -жесирден кабар алып, ыйламыш болуп, күйүмүш болуп, догурунуп, көрүнгөнгө ормолоп жүгүнүп, чамынып, төгүлүп жатса , ыйы Аллага жетип,” кой эми чачылып төгүлгөндүн сообун берип койоюн”- деп, Аллахым дагы бир жолку буйругумду чыгарып койоюн деп, боор ачып, буйруп койсо, минтип парламентке депутаттар деле келип олтуруп калат экен. Демек, бардык нерсе Алланын буйругунан. Каалайбызбы, каалабайбызбы элдин колдоосу менен келди . “Бактылуу менен баалашпа, таалайлуу менен талашпа” – деген сөз бар. Ушундай жол менен бийлике келгенге, Аллахымдын буйругуна себепкер өзүбүз шайлоочуларбыз.

Бергенин алдык, жедик, чөнтөккө салдык, жумшадык, анан бет чыдабай добуш бердик.

Айыпты өзүбүздөн көрбөй кечке Президент менен депутатка асылабыз. Качан кутулабыз? – деп.

Кимге суроо беребиз?

Чечимди өзүбүз чыгарып чокуга өзүбүздүн каалоо менен олтургузсак.

Ошол бийликте олтуруп алып, бир-биринин тамаркасына таш ыргытып, акыйнек айтышып, көздүн кыры менен бири-бирин тиктеп, эмне болуп кетет экен деп андышкан, чукулашкандарды өзүбүз напсибиз бузулуп, алып- сатып шайлап алганбыз.

Оомат кушун Аллахым башына кондуруп койсо, маңдайына жазылып турган ооматты кармап кетүү, Президент менен депутаттардын милдети.

Себепчи болгон шайлоочунун, буйруп койгон Алланын алдында, парасаттуулук менен ээлеген кызматын, ээ билген напсисин тыйып , болгонуна шүгүр кылып, ар дайым тообасына жанып, ак эмгеги менен адилеттүү бийлик жүргүзүү оомат коштогон адамдардын жоопкерчилигинде, абийиринде.

“Ынтымак бар жерде, ырыс бар”- демекчи, болгонуна шүгүр кылбай, соодалашуу, куйсупурлук кылуу, напсисин тыйбай, эл менен эсептешпей, эшеги ылайдан өткөндөн кийин,”кайдан көрдүм кара эшек, жолдон көрдүм көк эшек”- дегендей шайлоочуңду да, буйруп койгон Аллаңды да унутуп, бир-бирин тепкилеп , ичкен казандарына түкүрүп, бири-бирине асылышып, , аңдышып, бирин-бири сатып турса, ушундай кесир болуп, ырк кетет.

Эл тынч уктабай калат.

Дагы эмне шойкомду баштаганы турушат деп.

Аллахым да “Ээ кам сүт эмген пенде, мен сага боор ачып, оомат берсем, шүгүр кылгандын ордуна, напсиңди тыйбайсың, тообо кылбайсың, ич- ичиңден, бир-бириңди тытып жат. Ошондо көзүңөр ачылаар”-дегендей ишаарат кылып ушундай сыноону берип жаткандыр.

Элдин алдына биротоло шымаланып чыгып алып, бир-бирин сенсиреп, акыйнек айтышып, “сенден мен каламбы”,”сен айтсаң мен да айтам”-дегенсип, тытышып жатып калышты.

Тиктеп, тамаша кылып, саресеп салып турган эл “Ишенген кожом сен болсоң, түкүрдүм баарыңа. Тойдум байдын кызына “-деп, басып кете турган деңгээлге жетип калды.

Депутаттардын Парламенттин ичинде туруп алып, алыстан бир-бирине тиш кайрагандары да, жакшылыктын жышааны эмес.

Президентибиздин ооруп калганы да жакшы эмес. Бул Алланын сыноосу.

Пейилибизге, ниетибизге жараша күнүбүздү чыры-чуулар коштоп жатат.

Тообо келтирели достор! Иш сапарынын аягына жетпей, орто жолдо ооруп калганы, “пейилиңерди, ниетиңерди түздөгүлө”- деген, Алланын эскертүүсү болуп жүрбөсүн?

Президентибиз кандай болгондо да мыйзамдуу мамлекет башчыбыз. Мамлекеттин атасы. Атасына баласы качан каяша айтчу эле, ооруса табалачы эле, Атадан ашкан бала, мен сенден кыйынмын деп айтчу беле, сасык деп мурдубузду кесип таштай албайбызда.

Андан көрө, Аллахым шыпаасын берип, эсен-аман сакайып, өлкөбүзгө келип, айтылган, акыйнек, кайым айтышуулардын чын-төгүнүнө жетип, элдин алдында жүздөрүн ачып, жоопсуз калган суроолордун жообун берип, тарыхта таза бойдон иштеп кеткен Президент же Эл башчысы деген макамга таттыктуу кылып, өз мөөнөтүндө узаталы досторум.

“Эки дөө урушса, ортодо чымын өлөт болуп”- ортодо эле карапайым эл кыйналат. 25 жылдан бери мындай дөөлөрдүн кырылышып, бийлик талашынан эч кимисинин мурутунан кылы кыйшайып койгон жок, баягы эле өз жанын өзү эптеп баккан карапайым эл кыйналат.

Жогорку Кеңеш Төрага баш болуп 120 депутат, мындай кырдаалда элдин өкүлдөрү катары жоопкерчиликти алууга милдеттүү.

Эки тараптуу диалогдорду уюштурсун. Оппозициялык күчтөдүн өкүлдөрүн, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн бириктирип, бир столдо беттештирип,

ийри олтуруп, түз кеңешүүгө , түшүнүшүүгө шарт түзгөн жоопкерчиликти алуу керек.

Жогорку Кеңешке мындай кадамга барганга толук мүмкүнчүлүгү бар.

Байкоочулук позицияны кармаап, бир жактуу акырын колдомуш болуп, пысып олтурушпай.

Алардын элдин атынан сүйлөгөнгө, аткаруучуларга талапты койгонго Конституциялык укугу бар, эл тарабынан шайланган адамдар.

Кырылышкандын бардыгы бир имараттын ичинде, баары чогу, бирин-бири издөөнүн зарылчылыгы жок.

Бир крандан суу ичип, бир ашканадан тамак жеп, күнүгө көздөрү көздөрүнө түшүп турат.

Экинчиден, бүгүнкү кайым айтышууга себепчи болуп жаткан маселелер 2010- жылкы апрель төңкөрүшү, май, июнь айындагы Ош, Жалал-Абад окуясы, анын чыгуу себептери, күнөөлүүлөдү жоопкерчилике тартуу, улут аралык маселелеррдеги тиешелүү адамдар Кадыржан Батыров, Иномжан Абдурасулов, Караматхан Абдуллаева, Жамалидин Салахидиновдорду , Убактылуу Өкмөттүн тиешеси бар мүчөлөрүн жоопко тартуу, “мародерство” боюнча, АУБ жана ячейкалардагы акча каражаттар, мурунку бийликте турган адамдардын кыймылсыз мүлктөрүн улутташтыруу, кылмыштагы ууру Батукаевдин чыгып кетиши, Азимжан Аскаров жөнүндө ж.б. маселелер боюнча Жогорку Кеңеште комиссиялар түзүлүп, талкууланып тиешелүү токтомдор кабыл алынган.

Кабыл алынган токтомдордо тиешелүү укук коргоо органдарына, Өкмөткө, башкы прокуратурага тапшырмалар берилген, конкреттүү талаптар коюлган.

Тилекке каршы, ЖКтин токтомдорунда тиешелүү талаптар коюлгандыгына карабай беш-алты жылдан бери аткарылбай, эч ким жооп бербей, коюлган талаптар укук коргоо органдары жана Өкмөт тарабынан аткарылбай келет.

2010-жылкы апрель, май, июнь окуяларынын келип чыгуу маселелери боюнча комиссиянын жыйынтыгын талкуулаганда 37 пункттан чечим кабыл алынган.

Айтылбаган, белгиленбеген нерсе калган эмес, эмне тоскоолдук кылды токтомдун талаптарын аткарганга деген суроо келип чыгат?

Эмне үчүн ЖК өзүнүн Конституциялык укугунан пайдаланып, кабыл алган токтомун көзөмөлдөбөйт, контролдука албайт, талап кылбайт? -деген суроо пайда болот.

Өзүбүзгө-өзүбүз түйшүк ашырып, Шаршенчесинен эле кайра-кайра бир жерде айлана бериш керекби?

Эми кайра баштап комиссия түзүүнүн зарылчылыгы барбы?

Элди дүрбөтүп, алты жылдан бери 37 пункттан кабыл алынган токтом бажырайып жазылып турат.

ЖКтин комиссиясынын сырткары, Эл аралык уюмдардын түзүлгөн комиссия, Абдыганы Эркебаевич жетектеген улуттук комиссия кабыл алган жыйынтыктардын токтомдорундагы талаптарда так даана коюлган.

Үч комиссиянын койгон талаптары, ЖКтин токтомдорунда коюлган негизги талаптардын 70-80 % аткарылган жок. Эмне тоскоолдук болду?

Ошол эле өңдөр, ошол эле түстөр, жоголуп кетишкен жок.

Жүрөт баары эле токтобой, жиптин учун кармап алып, кыймылдатып, кыймылдатып коюп, жан сакташып, өз турмушунун май талканын чыгарып жашап, сын айткан адамга “нападенияга” өтүшөт, беттен алат.

Ал шактан, бул шакка секирип эле жүрүшөт. Эч ким жооп бербейт.

Жоопкерчиликти сураган адам болбосо, кайра чон кызматтарга көтөрүп койсок.

Ким жоопкерчиликти сезет?

Мисал катары.

Эч нерсе аткарылбай жатса башкы прокурордун иштерин беш-алты жылдан бери канааттандырарлык деп баалап, эки жолу башкы прокурорду шайладык.

Өкмөттү алты жылда, алты жолу алмаштырдык. Жогорку Кеңештин токтомун эстеген адам жок болсо керек, ырас аткарылбай жаткандан кийин.

Ошондуктан, Жогорку Кеңеш мыйзам чегинде эле ошол токтомдордун аткарылышы боюнча күн тартибине маселе киргизип, Президентти баш кылып, Өкмөттү тиешелүү укук коргоо органдарын, Текебаев өзү ошол жерде олтурат, керек болсо Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн, бардык тиешеси бар кишилерди бир жерге чогултканга мыйзам жол берет.

Эмне үчүн жолугуп сүйлөшүшпөйт? СӨЗСҮЗ ММКлардан ТЕЛЕВИДЕНИЕ, ПРЕСС КОНФЕРЕНЦИЯ ЖЕ ЧОҢ МИКРОФОНДОН СҮЙЛӨШ КЕРЕКБИ?

Элдин тынчын алып.

Жыйынтыктап айтканда, Президентибизге жана Өмүрбек Чиркешович Текебаевге Аллахым ден-соолук берсин, сабырдуулук, ынсап берсин өздөрүнө Аллахым.

“Айтылбай турган сөз эле, айтылып кетти өзү эле”-демекчи эки тараптуу тең, аз мынча сөз айтылган жок.

Шапалак бирине бири барабар тийгенда тарс эткен добуш чыгат.

Ошондуктан, “Буттан тайган кагынып туруп кетет, тилден тайгандын турушу кыйын”, “Тилдин сөөгү жок, бирок андан калган көңүл көп”.

Эки тарап бири-бирине айткан акыйнектерди өздөрү чечмелеп бербесе, калың Журттун алдында жакшы пикир болбой калды. Күндөн-күнгө ырбаган мамилени көрүп, “Ай караган текедей” элибиз “эмне болуп кетет экен”- деп, кулак түрүп, тыңдап олтурат. Эл деген элек. Бийликке карап Өлкө эли түздөнөт.

Айтылган жоопсуз суроолорго жооп айтыш үчүн, ден-соолук керек. Президентибизге жана Өмүрбек Чиркешович Текебаевге Аллахым акыл калчап, ачууну жутуп, кечиримдүүлүк менен сабырдуулукту пир туткан мунөздү берсин.

Элге тынчтык гана керек.

Карапайым элге Конституцияңдын да, бийлигиңдин да кереги жок.

Ызы-чуу, кайым айтышып, чукушканды, акыйнек айтышканды угуп, көңүлү бузулгандан көрө, күндөн-күнгө жашоо оорлошуп, бир курсакты тойгүзуу да кыйынга туруп жаткан мезгилде, карапайым калкка бала-чакасынын тынчтыгы, курсагынын токтугу, күз күрөш болуп жатканда жыйым-теримин бүткөрүп, кышка отун-суусун камдап алганы маанилүү.

Бардыгыбыздын ниетибиз түз, багытыбыз туура болуш үчүн, сабыр, сабыр жана чексиз сабыр берсин Аллахым, жакшылыкка ниет кылалы досторум…

Надира Нарматова, экс-депутат

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: