Орусия президенти Владимир Путин парламенттин мурдагы төрагасы Сергей Нарышкинди Тышкы чалгындоо кызматынын башчысы кылып дайындады.
Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, Путин мындай сунушту кызматтын учурдагы башчысы Михаил Фрадков дагы катышып жаткан жолугушуу маалында айтып, Нарышкиндин макулдугун алган.
«Азыр биздин кандай абалда турганыбызды жана бул кызматтын ийгилиги өлкөбүздүн туруктуу жана ишенимдүү өнүгүшү үчүн канчалык маанилүү экенин жакшы түшүнүп турасыз», – деди орус лидери жолугушууда. Путиндин айтымында, кызмат «Орусияга карата коркунучтардын өз учурунда, жаралары менен дароо жоюулушу үчүн» маанилүү.
61 жаштагы Нарышкин – көп жылдан бери Путиндин жакын санаалашы жана ал сыяктуу Санкт-Петербургда туулуп өскөн. Айрым ММКлар депутат болгонго чейин анын УККнын чет өлкөдөгү кызматкери болгонун жазып келишет.
1980-жылдары Нарышкин СССРдин Брюсселдеги элчилигинде кызмат өтөгөн. Орусиянын мурдагы премьер-министри Фрадков Тышкы чалгындоо кызматын 2007-жылдан бери жетектеп келген. Маалыматтар боюнча ал «Орусия темир жолунун» директорлор кеңешинин төрагасы кызматына барат.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ