Бүгүн, 16-мартта КР МУКК жүргүзгөн ыкчам-издөө иш чараларынын алкагында 5 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен Кыргыз Республикасынын Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын (ЭКККМК ) кызматкери кармалды. Бул тууралу МУККнун басма сөз кызматы билдирет.
Такталган боюнча, кармалган кызматкер уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ) айрым мүчөлөрү менен жең ичинен сүйлөшүп алып, Кытай Эл Республикасынан келген ишкерден, анын мурунку бизнес-шериктери берген арыздын негизинде текшерүү жүргүзбөө сунушу менен 15 миң АКШ долларын опузалап талап кылган.
Алынган маалыматтарга ылайык, жогорудагы арыздын демилгечилери кылмыштуу топко тиешеси бар болгон жана алар Кытайдан келген ишкердин ишканасынын бир бөлүгүн рейдерлик жол менен басып алууну көздөшкөн.
Бул факты боюнча КР МУКК Башкы тергөө башкармалыгы КР Кылмыш-жаза Кодексинин 170-беренесинде жана 313-беренесинде каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш ишин козгоду.
Кармалган жаран КР МУКК убактылуу кармоо жайына кармалды.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктап, кармоо боюнча ыкчам-издөө иш чаралары жүргүзүлүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ