– Дастан мырза, өткөн жылы “Кыргызстан” партиясы шайлоо алдында жаңы төрөлгөн ымыркайлардын сүйүнчү акчасын 50 миң сом кылууну убада бербедиңер беле? Ошол жагын качан ишке ашырчудансыңар?
– Бул программа боюнча мыйзам иштеп чыктык. Азыр өкмөткө да сунуштадык. Бюджет каралып жатат, Кудай буюрса, 2018-жылы болуп калыш керек.
– Сиз мүчө болгон “Кыргызстан” фракциясында ич ара партлидер Канатбек Исаевдин жана олигарх Шаршенбек Абдыкеримовдун эки группировкасы бар экендиги айтылып келет. Сиз кимисинин курамына киресиз?
– Чынын айтсам, бизде андай деле маселе жок. Буга ишенип коюңуз.
– Кесиптешиңиз Максат Сабиров айыл чарба багыты менен 4 сотыхтан сатылган жерлерди трансформациялоо боюнча демилге көтөрдү. Мындай орчундуу маселени сиздер колдойсуздарбы? Канчалаган жаштар турак-жайга муктаж болуп, алган жерлерине үй сала албай жатышпайбы…
– Адеп карап көрөйүнчү мыйзамды? Колдоого алчу мыйзам долбоору болсо, колдоп койгонго неге болбосун?
– Кичи мекениңиз Таласка каттап жатасызбы? Облгубернатор Дайыр Кенекеев кандай иштеп жатат? Же жаштыкка алдырып, ишти тарта албай жатабы?
– Ал киши жаңы дайындалды. Мен ойлойм, Дайыр мырза ишти билген жигиттерден. Ал эми ишин убакыт көрсөтөт. Эл баалайт.
Булак: “Азия ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ