КМШ ПААнын Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлык ээсине берилчү 30 миң доллардын уурдалганына байланыштуу жаңы маалыматтар ачыкка чыга баштады. Акчаны жең ичинен уурдоого шектелип камакка алынган Жогорку Кеңештин эл аралык байланыш бөлүмүнүн мурдагы башчысы Арсен Закиров учурда сурак берип жаткан учуру. Бул иш ачыкка чыкканда, көпчүлүктө «.. .бир бөлүмдүн башчысы ушундай ири сумманы өзү кымтып алганбы?» – деген суроолор жаралган. Мындай суроолордун да жөнү бар экен көрсө. Анткени Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллар КМШ ПААнын эсебине которулбаганы белгилүү болгондо, Жогорку Кеңештин Кубаныч Мураталиев аттуу кызматкери ЖКнын бухгалтериясына ЗОмиң долларды кайтарып, ишти күм-жам кылуу менен Арсен Закировду камакка алуудан сактап калуу аракетин көргөнү маалым болду. Бирок ЖК бухгалтериясы акчаны кабыл албай коюптур.
Суроо туулат, Кубаныч Мураталиевдин 30 миң долларга кандай тиешеси бар эле? Акчаны ЖКнын эсебине кайра кайтарууга ага эмне күч келди? Сыйлыкка делген акчаны Арсен Закиров экөө кымырган беле? Кандай болгон күндө да тергөө иштери жыйынтыкталып, өлкөгө, Жогорку Кеңешке, улуу жазуучунун ысымына көлөкө түшүргөн эргулдар ачыкталып, мыйзам чегинде жазаларын алышат деп ишенип туралы.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ