– Аида Жеңишбековна, кечээ сиздердин “Ата-Мекен” партяңыздардын лидери Өмүрбек Текебаев “Батукаевдин өлкөдөн чыгып кетүүсүнө президент өзү макулдук берген” деп айтып чыкты. Сиз ал убакта башкы прокурор болуп иштеп жаткансыз. Буйрук алдыңыз беле?
– Эгер президент ошондой буйруктарды берген болсо , ошол буйруктарды алган адамдар эртедир-кечтир чындыкты жарыкка чыгарышат. Мага президенттен Батукаевди бошотуу боюнча буйрук берилиши мүмкүн дагы эмес болчу. Мен ал убакта жазаларды аткаруу кызматынын башчысы же сот эмес болчумун. Менин кызматтык функцияма андай маселелер кирбейт эле. Башка маселе, чыгып кетиши канчалык мыйзамдуу болгон, аны прокуратура караган.
Булак: “Жаңы ордо”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ