Барган сайын бийликке каршы күчтөргө “жан кирип”, коңулдагы кадрлар баш көтөрө баштады. Ушул күндөрү Оштогу өз үйүндө эс алып жаткан экс-губернатор Жусупжан Жээнбеков жакында Бишкекке кайтып, саясатка активдүү дем менен аралашууну көздөөдө. Мамлекеттик казынанын тартыштыгы 30 миллиардка чамаласа да кенебестикке алдырган өкмөткө карата жаалы күчөп, ага удаа бийлик бутактарына тажрыйбасыз кадрлар тартылганына, Башмыйзамдын айланасындагы “улак тартыштарга” катуу нааразы болуп жатканынан кабардар болдук. Эми Жусуке көптүн бири катары өкмөттү бир челип өтөбү же президентке да “тиш сала” алабы? Бара көрөлү.
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ