Бакиевдер бийликтен кара дубанын күчү менен кеткенин, Ислам Каримовдун каза болоорун, Нариман Түлеевдин түрмөдөн чыгарын айткан, төлгөсү төп келген төлгөчү, көзү ачык Света Тойгонбаева менен баарлашып, кызыккан суроолорубузга жооп алдык.
Тайырбек Сарпашев жети мазарга барышы керек. Болбосо кызматтан түшүп калуу коркунучу жакындап калды. Ал айрым учурда катачылыктарга жол берип, душманды көп топтоп алган. Сарпашевди бийлик колдогондой таасир калтырганы менен азыркы бийлик бирде колдоп, бирде анын ишине ичи жылыбай жатат. Сарпашев жолун ачтырып, тазаланып, мазар баспаса, ишинин жыйынтыгы ал күтпөгөн жаман окуялар менен коштолуп, кызматтан түшүп калуу, ал турсун иши андан да жаман окуялар менен коштолуп кетүү коркунучу бар.
Булак: “Асман+”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ