Menu

Рыспаев “дүжүр” депутатпы?

Бөлүшүү:

Мурдагы ички иштер министри Зарылбек Рысалиев маалымат каражаттарынын бирине маек берип: “Мародерлук боюнча бир айдын ичинде бардыгын орду-орду менен териштирип, соттоочусун соттоп, отургузчусун отургузуп койсо болот. Курманбек Осмонов деген кандай киши, Жогорку сотто, прокуратурада иштеген, юристтердин атасы деп койсом болот, өтө сак киши. Артында балдары чоңоюп келатат. Алардын келечеги бар. Депутат болуп турганда мародерлук комиссиянын төрагасы болгон. Жарандык позициясын карманып туруп, “Текебаев, Болот Шердин тиешеси бар. Райкан Төлөгөнов менен Турат Мадылбеков толугу менен күнөөлүү” – деген. Курманбек агабыздын бул айткандарын жокко чыгарган КСДПчы Кожобек Рыспаев “ата-мекенчилер” жакка ооп кеткен. Эгер Кожобектин жарандык позициясы, уяты өйдөрөөк болгондо, кол көтөрүп ооп кетпегенде иштин баары башкача болмок. Азыр да “Текебаевди урматтайм, сыйлайм” – деп жапалактап “дүжүр” депутат болуп калганынан кабар берип турат. Мен Кожобек Рыспаевге айтат элем: “Эй досум, “дүжүр” депутат болуп калдың. Тарт артка! Токтот андай ишиңди! Сен деген атанын уулусуң! Сени жигит дейт. Бир жолу элдин кызыкчылыгы эмес, бирөөлөрдүн кызыкчылыгын коргоп сатылып кеттиң. Мындай иттик ишти токтот!” демекмин. Тилекке каршы, Кожобек өмүр бою Ош базарда манты менен пиво саткан пенде да, деңгээли ошол “соодагерчилик” боюнча калыптыр”, – деп катуу айтыптыр.

Булак: Фабула 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: