Menu

Эндрю Вахтель: «Азыр БААУ чоң долбоорлордун үстүндө иштеп жатат»

Бөлүшүү:

Ар бир билим берүү мекемесинде жаңы окуу жылы мурдагы жылдарда аткарылган иштерге кайрадан баа берүү,келээрки жылга карата жаңы пландарды түзүү менен башталат. Борбор Азиядагы Америка Университетинин (БААУ)Президенти Эндрю Вахтель да университеттин жаңы, чоң долбоорлорунун четин чыгарып, көрсөтүп берди. 2016-жылдын кабыл алуу кампаниясынын жана жаңы кампустагы бир жылдык иштин жыйынтыктарын чыгарды.Ошондой эле, 2016-жыл саамалыктарга жана рекорддорго бай болду. БААУ карамагындагыБилимканамектебииштей баштады, университет мурдагы жылдарга салыштырмалуу жаңы студенттердин рекорддук санын кабыл алды.

 2016-2017-жылдын жаңы окуу жылы кандай башталды?

Студенттердин санына жана мүнөздөмөлөрүнө карай турган болсок, бул жылы университеттин тарыхында эң кызыктуу жана эң чоң кабыл алуу кампаниясы болду. 370 абитуриент кабыл алуу сынактарында мыкты жыйынтыктарды көрсөтүштү. Алар абдан кубаттуу, жигердүү, ынтымактуу балдар экени “Orientation Week” бир жумалык иш-чарасында билинди. Бул жылы университетибизге мурдагы жылдарга караганда чет элдик студенттер көбүрөөк тапшырышты. Алар АКШ, Афганистан, Италия, Норвегия, Германия, Түштүк Африка, Монголия, Сауд Арабиясы, Непал, Канада жарандары. Ошондой эле, бул жылы БААУ алдында “Билимкана” мектеби ишин баштады. Эми кампуста студенттер менен бирге 8-11-класстагы 160 мектеп окуучусу билим алып жатат. Менин оюмча, жаштарды окутуучуларыбыз, кампусубуз, деги эле университеттеги чөйрө кызыктырат.

Бир кампустун ичинде студенттер менен мектеп окуучуларынын бирге болгону канчалык ыңгайлуу?

Бир жумадан кийин алар бири-бирин байкабай деле калат го дейм. Окуучуларыбыз менен студенттерибиз коркунучтуу эмес (жылмаят). Ошондой эле бул убактылуу гана чечим. Бир жылга гана созулат деп үмүттөнөм. Эмки окуу жылына БААУ мектеби үчүн жаңы имарат табуу аракеттерин көрүп жатабыз.

Бул биз үчүн өтө маанилүү, анткени толук циклде, биринчи класстан баштап окутуучу мектепти түзгүбүз келет.

БААУ жаңы кампусу Бишкекте мурда болуп көрбөгөн, технологиялык жактан абдан ыңгайлуу имарат экенин билебиз. Иштин биринчи жылы боюнча ой-пикирлериңизди айтып берсеңиз.

Мен биздин кампусубузга техникалык жактан алып караганда абдан суктанам. Болушунча кемчиликсиз курганга аракет кылдык. Албетте, 18 миң квадраттык аянта имарат куруп жатканыңда, майда-чүйдө мүчүлүштүктөр боло бериши табигый көрүнүш. Бирок бул жылы биз чоң өзгөртүүлөрдү, оңдоп-түзөө иштерин кылган жокпуз. Имараттын архитектурасы, жасалгасы мүмкүн болушунча ийкемдүү. Мисалы, ички жасалганы алсак, форумдун дубалдардында көркөм өнөр чыгармаларын – жергиликтүү дизайнер Дильбардын жана америкалык сүрөтчүнүн болотнайда тартылган сүрөттөрүн илип койдук. Жаңы имарат мени толук канааттандырат. Бул имараттын архитектору Генри Майербергдин жана куруучулардын сиңирген эмгегинин аркасында болуп жатат.

Кыргызстанда БААУ атаандашы, Борбордук Азия Университети (БАУ) жигердүү өсүп, өнүгүп жатат. Атаандаштарыңарга кандай көз караштасыз?

Абийирдүү атаандаштык дайыма пайда алып келет. Биз эл аралык билим берген университеттер менен кызматташууга, студенттер жана окутуучулар менен тажрыйба алмашууга дайыма даярбыз.

БААУ жаңы факультеттерди ачууну ойлоп жатабы? Мисалы, медициналык факультет?

Биз азыр бир канча варианттарды ойлоштуруп жатабыз, буга канча каражат керектелет, окутуу, өзгөчө практика процесстерин уюштуруу маселелеринин үстүндө иликтөөлөрүбүздү жүргүзүүдөбүз. Университеттин алдында өз ооруканабызды же медициналык мектепти куруу татаал иш болуп саналат, бул узак мөөнөттүү долбоор болгондуктан, кеминде 4-5 жылдык убакытты жана ири өлчөмдөгү финансылык каражаттарды талап кылат. Биздин дагы бир долбоорубуз бар, БААУ бул долбоорду КР Улуттук Илимдер Академиясынын Сейсмология Институту менен кызматташтыкта аткарарын гана айта алам. Жалпы жонунан, биздин дайымкыдай эле көптөгөн ой-пикирлерибиз, пландарыбыз бар. Чоң долбоорлорду ишке ашыруу колубуздан келерин далилдеп койдук деп ойлойм.

Улан Исраилов

P.S. : БААУ статистикасы боюнча Орто Азия, Россия, Афганистандан келген студенттердин саны жыл сайын өсүп жатат. Өзгөчө Тажикстандан (быйыл – 85, 2015-ж. — 77), Казакстандан (быйыл – 32, 2015-ж. — 27), Өзбекстандан (быйыл – 16, 2015-ж. — 15) келген студенттердин саны чоң. Афганистандан келген студенттердин саны да өстү: 2016-жылы университетке 109 афгандык студент өттү (бул сан бир өлкөдөн келген студенттер эң чоң көрсөткүчү!), былтыр, 2015-жылы болсо 76 гана студент келген. Ошол эле кезде, БААУ студенттеринин 86% окуу жайдан ар кандай даражада финансылык жардам алышат (окуу акысынын 20%-100% чейин арзандатуу алып окушат).

Булак: Де-Факто

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 − = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: