Menu

Айнур Бердикулова: “Тушоо кесүү концертиме алыскы Монголиядан коноктор келишет”

Бөлүшүү:

Бизде дасыккан кыл кыякчылардан саналуу эле, анын бири Айнур Бердикулова. Бир топ эл аралык жана республикалык сынактардын баш байгесинин ээси, дипломанты жана лауреаты. 19-октябрда улуттук филармонияда тушоо кесүү концертин бергени турат.

— Айнур, кыл кыяктын кыргызда жаралышы, анын баяны Жолой деген баатырга такалат деп келебиз. Ушуну бир аз чечмелеп берчи?

— Туура айтасыз, кыл кыяк аспабы Жолой баатырга байланышкан уламыштан башталат. Кыргыздын баатыры өзүнө ишенген тулпарын кайсы бир жоодо жоготуп жөө калат. Ошондо арман кылып кыл кыяк чапкан экен. Кылдарын, анын жаасын  аттын куйругунан жасап, кулактары буралган жерине аттын башын коюп, андан ары арманын төгүп күүгө салган деп айтылып келет.

— Кыл кыяктагы жаралган чыгармалар арман менен эле чектелип калганбы же шаңдуулары да барбы?

— Алар аз санда. Көпчүлүк учурда муңдуу чыгып, кайгылуу окуяны баян кылып тургансыйт. Кыргыздын байыркы тарыхын, санжырасын эске салып, көчмөндөр турмушундагы көрүнүштөр көз алдыбызга тартылат. “Манас”, “Каныкей” аттуу күүлөр бар. Бул күүлөр да жок болуп кетмек, эгер менин агайым Бакыт Чытырбаев 1991-жылы эгемен алгандан кийин кыл кыяк күүлөрүн изилдеп, тартипке салып, нотага түшүрүп койбогондо. Бакыт агай өзү музыка изилдөөчү катары фольклор жаатын, анын ичинде кыл кыякка батынып, кези-кези менен мыкты шакирттерди даярдады. Анын бири мен.

— Репертуарың кандай чыгармалар менен бай? Күүлөр көппү?

— Күү демекчи, чыгармачыл адам кадимкидей күүлөнөт. Толкуйт, эргийт. Эргүүнүн туу чокусуна чыккан учурда күү жаралат. Жөн эле 4-5 нотанын башын бириктирип койсо музыка чыга бербеси турулуу иш. Кыл кыякты колго алып, медитация сымал жандүйнөсү тунган кезде кыл кыяктын жаасы серпиле эки кылга кылдат тийип баштаганда угарманды башка дүйнөгө сүңгүтөт. Керемет үндөр ар кай жакка жетелейт. Сыздап чыгып аткан үн кошуунунан гармония жаралып, анын уландысы күүгө айланат. Комузда күү устасы Карамолдо Орозов болсо, кыл кыякта күү атасы Саид Бекмуратов болгон. Анын “Сырдаш” деген күүсү кыл кыякта жаралган симфония десем жаңылбайм. Мураталы Күрөңкеевдин “Кер өзөн”, “Ат кетти”, “Ак токту” чыгармаларычы, сөз менен айтып берүү мүмкүн эмес. Репертуарымдагы чыгармалардын чекесин эле айттым.

— Кыл кыяктын күүсү менен адамдын жандүйнөсүнөн тышкары ден соолугун чыңап, сыркоолоп калганын айыктырса болобу?

— Илгери адамдардын ичине “жин” кирип кеткен учурда күү ойноп айыктырышчу экен. Төрөбөй аткан аялдар да күү уккандан кийин балалуу болушуптур. Эс тутуму начарлап калган адамдар да 2-3 күү уккандан кийин калыбына келгендерин айтышкан.

— Эми концерт жөнүндө сөз кылалы…

— 19-октябрда филармониянын чоң залында биринчи жолу тушоо кесүү концертимди берем. “Кыл кыяктын жан сыры” деп аталат. Жеке эле кыл кыякты сыздатып, угармандарды бир өңчөй нукка бурбастан комуздун коштоосунда дастандар, манасчылар манас айтат. Эң негизгиси, алыстан келе турган сыйлуу конокторубузду күтүп атабыз. Монголия өлкөсүнөн келгендердин бири Жетиген аспабында, бири эки кылдуу Хучир аспабында элдик музыкадан ойношот. Менимче, биздин угармандар үчүн чоң сюрприз болот. Калганы сыр бойдон тура турсун. Баарын азыр айтып салсак, бир аз болбой калат го…

Бетти даярдаган Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ

Булак: Азия Ньюс

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 − 42 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: