Menu

Депутат Асилбек Жээнбековдун демилгеси менен Алайкуу өрөөнүндө жаңы мечит ачылды

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин депутаты Асилбек Жээнбековдун демилгеси жана Кувейт мамлекетинин “Табарак” кайрымдуулук фондунун колдоосунда Кара-Кулжа районунун Алайкуу өрөөнүнүн Кызыл-Жар айылында 160 орунга ылайыкташкан заманбап мечит пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы билдирди.

Аталган мечиттин ачылыш салтанатына Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, Кувейт мамлекетинин “Табарак” кайрымдуулук фондунун Кыргызстандагы директору Анарбек ажы Жусупов, Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев, Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана райондун эли катышты. Салтанат аземде Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев сөз сүйлөп, мечиттин ачылышы менен жалпы элди куттуктап, демилгечилерге ыраазычылык билдирди. Мындан сырткары муфтий Алайкуу өрөөнүндөгү мечит имамдарына Курани Керим китептерин белеке берди. Ал эми Табарак фондунун директору Анарбек ажы Жусупов элет элинин өнүгүшү үчүн Табарак фонду социалдык объектилерди курууну улантаарын билдирди. Андан соң мечиттин ачылыш тасмасы кесилип, жергиликтүү бийлик тарабынан депутат Асилбек Жээнбековдун наамына жана демөөрчүлөргө ыраазычылык баракчалары тапшырылды.

Эскерте кетсек, аталган мечит 2015-жылы курулуп баштаган жана Алайкуу өрөөнүндөгү заманбап стилде бардык шарттары менен салынган алгачкы мечит.

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 − = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: