Жаш жубайларды никеге чейин расмий каттоодон өтүүгө милдеттендирген мыйзам долбоору жактырылды. Аны бүгүн, 3-октябрда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети 3-окууда карап, талкуусуз кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.
Депутаттар Аида Салянова, Өмүрбек Текебаев, Бахадыр Сулейманов, Эмил Токтошев, Гүлшат Асылбаева, Аида Исмаилова, Чолпон Жакупова, Исхак Масалиев тарабынан демилгеленген аталган мыйзам долбоорунда Yй-бүлө кодексинин талаптары бузулса, жашы жетпегендер менен диний нике кыюуга катышкан дин кызматкерлери менен ата-энелер кылмыш жоопкерчилигине тартылат,- деп көрсөтүлүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ