Menu

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия студенттер арасында Көркөм окуу сынагын өткөрөт

Бөлүшүү:

КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия “Тарых жана маданият” жылынын алкагында, КР эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата жана КР Президентинин 2013-жылдын 1-июлундагы “Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” №155 Жарлыгына ылайык мамлекеттик тилдин колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү, тил маданиятынын деңгээлин жогорулатуу, көркөм адабий чыгармаларды жайылтуу жана тил саясатын өркүндөтүү максатында Жогорку жана кесиптик-техникалык окуу жайларынын (менчигине карабай) арасында Көркөм окуу сынагын жарыялайт.

Сынактын алгачкы тандоо туру октябрь айында окуу жайлар тарабынан өткөрүлөт. Ар бир окуу жай тандалып алынган бир гана катышуучуну Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияга 1-ноябрга чейин сунуштоосу зарыл. Сынактын 2-туру Эл аралык студенттер күнүнө карата ноябрь айында өткөрүлөт.

Сынакка коюлган талаптар:

  • Сынакта көркөм окуу үчүн (кайсы жанрда болсо да) бир эле чыгарма тандалып алынат;
  • тандалган чыгарма эл-жер, мекен, тарых, тил, эгемендик сыяктуу мекенчилдикке үндөгөн темада болуусу зарыл;
  • көркөм окуу убактысы 3 мүнөттөн ашпашы керек;
  • авторлук чыгармаларды аткарууга уруксат берилет;
  • даяр фонограммаларды колдонууга тыюу салынат;
  • сунушталган тексттерди жатка окуу керек;
  • адабий материалдын көркөмдүк мааниси жаш куракка шайкеш келиши керек.

Сынакта калыстар тобу тарабынан көркөм окууну баалоодо төмөнкүлөр эске алат:

  • аткаруучулук чеберчилик;
  • дикция;
  • мазмунга ылайык туюндуруу жөндөмү;
  • көркөм текстти тандоодогу өзгөчөлүүлүк;
  • сахнада өзүн алып жүрүүсү;
  • адабий тилдин нормаларын сактоосу;
  • сценалык костюм;

Көркөм окуу сынагы туууралуу толук маалыматты жана сынактын жобосун Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын mamtil.kg сайтына табууга болот.

Эске сала кетсек, буга чейин Көркөм окуу сынагы ушундай эле шартта мектеп окуучулары арасында өткөрүлүп келген. http://www.mamtil.kg/?p=620

 Маалыматтык колдоо:  0551 996517

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 99 − = 91

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: