Menu

Вячеслав Володин Россиянын Мамлекеттик думасынын спикери болду

Бөлүшүү:

Вячеслав Володин  жетинчи чакырылыштагы Мамлекеттик думанын спикери болуп дайындалды. Буга чейин президенттик администрациянын башчысынын биринчи орун басарлык кызматына аны Владимир Путин өзү сунуштаган.

Вице-спикерлер болуп “Бирдиктүү Орусиядан” Александр Жуков жана Коммунисттер партиясынын өкүлү Иван Мельников дайындалышты.

Бул арада президенттик администрациянын башчынын биринчи орун басарлыгына Путин “Росатомдун” генералдык директору Сергей Кириенкону алып келди. Мамлекеттик корпорацияда анын ордун Алексей Лихачев ээледи.

Володин президенттин администрация жетекчилигинин катарына Владислав Сурков отставкага кеткенден кийин, 2011-жылы декабрда кошулган. Ал ички саясат маселелерин тескечү. Вячеслав Володин 2014-жылы “Путинсиз Орусия жок болот” деген сөзү менен коомчулуктун эсинде калган.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: