Menu

Казакстан окуучулары аттестат менен бирге айдоочулук күбөлүк ала баштайт

Бөлүшүү:

Казакстандык окуучулар аскерге даярдоо сабагында автоунаа айдаганды үйрөнүшөт. Бул туурасында билим берүү жана илим министри Ерлан Сагадиев билдирди.

«Балдардын аварияга учуроосу кыскарбай жатат. Буга байланыштуу биз аскерге даярдоо сабагында окуучуларга жол эрежелери менен бирге унаа башкарганды үйрөтөбүз. Жыйынтыгында бүтүрүүчүлөргө айдоочулук боюнча курсту бүткөндүгү жөнүндө күбөлүк ыйгарылат. Мугалимдерди кайра даярдап чыгууга каражат жетет», – деди Сагадиев.

Министрдин айтымында, бул маселе боюнча Коргонуу министрлиги менен макулдашууларга жетишилди. Жараян этап менен 2017-жылдан тарта ишке кирет.

Бүтүрүүчүлөргө аттестат менен бирге айдоочулук күбөлүк берүү тажырыйбасын бир нече өлкөлөр колдонот.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: