Жогорку Кеңештеги “Республика Ата Журт” фракциясынын депутаты Мирлан Жээнчороев тууралуу учкай сөз кылгыбыз келип туру. Мирлан Канатбекович кезинде таякеси Өмүрбек Бабановдун жардамчысы, бизнестеги ишенимдүү адамы болуп жүрүп 2015-жылдагы партиялык тизме менен парламенттин босогосун аттаган. Мирлан мырза депутат болгондон кийин кырдаалга жараша эки сүйлөгөндү мыкты өздөштүрүптүр. Сөзүбүз куру болбош үчүн далил менен айталы. 2017-жылдын май айларында так ушул Мирлан Жээнчороев парламенттик шайлоодогу босого чекти 7%дан 9%га көтөрүүнү демилгелеп: «Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 200дөн ашуун партия бар. Алардын башчылары толкундануудан азап чегип, ортосунда бириктирүүчү идеология жок. Босогону 9%га чейин жогорулатуу лидерлердин диалогуна жана экономикалык туруктуулукка алып келет» – деп айткан эле. Эми болсо ал сөзүн унутуп калганбы же кожоюну «ушундай де» деген тапшырманы бергенби, айтор, шайлоодогу босого чекти 7%дан ашырбаш керек деп боорду эзип атат. Муну биз түшүнө албай убарабыз. Балким эки башка учурда эки сүйлөгөнүн өзү ачыктап коет чыгаар…
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ