Menu

Таласта имамдар менен медресе кызматкерлери футбол талаасында күч сынашты

Бөлүшүү:

Талас шаарында дин кызматкерелер ортосундагы ынтымакты, биримдикти жана тажрыйба алмашууда кызматташтыкты бекемдөө максатында имамдар жана медресе кызматкерлери арасында футбол оюну өткөрүлдү. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы билдирет.

Оюн район имамамдарынын жана медресе кызматкерлери арасында алгачкы жолу өткөрүлүлүп, катышуучулар кызыктуу оюн көгөзүштү. Оюндун жыйынтыгында үч тайпа алдыга суурулуп чыгып, өз байгелерине ээ болушту.

«Бул саамалыкты мындан ары да улантылып, айына бир жолу өткөрүлүлүп турмай болук. Ал эми өткөрүлгөн оюндун жыйынтыгында 3-орунду Бакай-Ата районунун имамдары, 2-орунду Үкү-Ата медресеси жана 1-орунду Али иба Аби Толиб медресеси жеңип алышты. Жеңүүчүлөргө баалуу белектер жана кубок тапшырылды»,-деди казыяттын маалымат катчысы Нуржан ажы Мамазалиев.

Дин кызматкерлери ортосундагы футбол оюну Талас облусунун мусулмандар казыяты Адеп Башаты фонду менен биргеликте өткөрдү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: